Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Филиалдар жана экскурсиялар жөнүндө маалымат

Биз сизди филиалдарыбызды жана басмаканаларыбызды көрүп кетүүгө чын жүрөктөн чакырабыз. Экскурсиялардын кайсы жерде, качан өткөрүлөрү жөнүндө маалымат алыңыз.

Кошмо Штаттар

Экскурсияга алдын ала жазылуу

Кошмо Штаттардагы филиалдын комплекстерине экскурсияга барардан мурун алдын ала онлайн өтүнмө толтурушуңарды суранабыз. Ан үчүн төмөндөгү шилтемелерди басып, баргыңар келген жерди тандагыла. Эске алчу нерсе, бир күндө эки копмлекстен көп кыдырсаңар, баарын жакшылап көргөнгө жетишпей каласыңар.

Канча киши болбосун, Кошмо Штаттардагы филиалдын кайсы комплексин тандабагыла, экскурсияга алдын ала жазылуу маанилүү.

20дан аз кишиден турган топтор

20 же андан көп кишиден турган топтор

Патерсонго, Уолкиллге, Уорикке топ киши болуп баруу үчүн онлайн өтүнмө толтургула.

Экскурсияны жокко чыгаруу

Экскурсияны жокко чыгаруу үчүн онлайн бланканы колдонгула.

Патерсон

100 Watchtower Dr. (2891 Route 22)

PATTERSON NY 12563

UNITED STATES

+1 845-306-1000

Экскурсиялар

Экскурсияга барганга чейин онлайн өтүнмөнү алдын ала толтургула.

дүйшөмбү—жума

8:00—11:00 жана 13:00—16:00

Мөөнөтү: 2 саат

Кыскача маалымат

Адабияттарыбыздагы сүрөттөр жана аудио-видео материалдар даярдалат. Ушул жерде өткөрүлгөн ыйык китептик мектептер жөнүндө айтылат.

Уолкилл

900 Red Mills Rd.

WALLKILL NY 12589

UNITED STATES

+1 845-744-6000

Экскурсиялар

Экскурсияга барганга чейин онлайн өтүнмөнү алдын ала толтургула.

дүйшөмбү—жума

8:00—11:00 жана 13:00—16:00

Мөөнөтү: 2 саат

Кыскача маалымат

Жыл сайын Ыйык Китепке негизделген адабияттардын 25 миллиондон ашуун нускасы басылып чыгарылат. 360тан ашуун тилге которулган адабияттар дүйнө жүзүндөгү филиалдарга, ошондой эле Жахабанын Күбөлөрүнүн Кошмо Штаттардагы, Канададагы жана Кариб аралдарындагы 15 000ден ашуун жыйналышына жөнөтүлөт.

Уорик

1 Kings Dr.

TUXEDO PARK NY 10987

UNITED STATES

+1 845-324-3000

Экскурсиялар

Уорикте экскурсиялар 2017-жылдын 3-апрелинен, дүйшөмбүдөн, тартып өткөрүлө баштайт. Экскурсияга барганга чейин онлайн өтүнмөнү алдын ала толтургула.

дүйшөмбү—жума

8:00—11:00 жана 13:00—16:00

(Көргөзмөлөрдү өз алдынча кыдыруу)

8:00—11:00 жана 13:00—16:00

(Экскурсовод менен кыдыруу)

Кыскача маалымат

Көргөзмөлөрдү өз алдынча кыдыруу

  1. Ыйык Китеп жана Кудайдын ысмы. Бул көргөзмөдө сейрек кездешкен Ыйык Китептер бар. Ошондой эле душмандар Кудайдын ысмын Ыйык Жазмадан алып салууга канчалык аракет кылбасын, Кудайдын ысмынын сакталып калганы баса белгиленет. Көргөзмөдөгү жылып туруучу текчелерге сейрек кездешкен башка Ыйык Китептер жана Ыйык Китеп менен байланышы бар тарыхый буюм-тайымдар да коюлган.

  2. Жахабанын ысмы менен аталган эл. Бул көргөзмөдө Жахабанын Күбөлөрүнүн рухий мурасы жөнүндө көрүүгө болот. Ал жердеги тарыхый буюм-тайымдардан, сүрөттөрдөн, мурунку убактагы кызматчылардын өз оозу менен айтып берген окуяларынан Жахабанын өз элин кантип жетектегенин, билим бергенин, уюштурганын биле аласыңар.

  3. Бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалык. Ишенимди иш жүзүндө көрсөтүү. Бул интерактивдүү көргөзмөдө Жетектөөчү Кеңештин комитеттеринин кантип иш алпарары жана Жахабанын Күбөлөрүнө чогулуп турууга, шакирт даярдоого, рухий тамак менен азыктанууга, бири-бирине сүйүү көрсөтүүгө кантип жардам берип жатканы түшүндүрүлөт.

Экскурсовод менен кыдыруу.

Бул 20 мүнөттүк экскурсиядан Кеңселер/Тейлөө кызматтары жайгашкан имараттарды жана Уориктин короосун көрө аласыңар.

Экскурсия китепчесин жүктөп алуу