Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн өздөрүнүн Ыйык Китеби барбы?

Жахабанын Күбөлөрүнүн өздөрүнүн Ыйык Китеби барбы?

 Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепти изилдөөдө көптөгөн котормолорду пайдаланышат. Бирок, эгер эне тилинде болсо, алар, негизинен, Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосун» колдонушат. Анткени ал так, түшүнүктүү которулган, ошондой эле анда Кудайдын ысмы кездешет.

  •   Кудайдын ысмынын колдонулушу. Ыйык Китепти басып чыгаргандардын айрымдары анын авторуна тийиштүү түрдө урмат-сый көрсөтүшкөн эмес. Мисалы, бир котормодо ал ишке өзүнүн салымын кошкон 70 кишинин аты жазылып, ал эми Ыйык Китептин Авторунун — Жахаба Кудайдын — ысмы алынып салынган.

     Алардан айырмаланып, «Жаңы дүйнө котормосунда» Кудайдын ысмы миңдеген жолу кездешет. Анткени «Жахаба» деген ысым Ыйык Китептин түп нускасында кайсы жерде турса, ошол жерлердин баарында калыбына келтирилген. Ал эми ал эмгекти басып чыгарууга катышкан адамдардын аттары жашыруун бойдон калган.

  •   Тактыгы. Айрым котормолордо Ыйык Китептин түп нускасындагы ойлор так берилген эмес. Мисалы, бир котормодо Матай 7:13 мындайча которулган: «Тар дарбазадан киргиле, анткени кең дарбаза менен кенен жол тозокко алып барат». Бирок түп нускада «тозок» деген сөздүн ордунда «өлүм» деген сөз турат. Балким, бул аятты которгондор жаман адамдар тозок отунда түбөлүккө кыйналат деген окууга ишенгендиктен «тозок» деген сөздү колдонгон чыгар. Анткен менен мындай окуу Ыйык Китепке негизделбейт. «Жаңы дүйнө котормосунда» болсо бул аят: «Тар дарбазадан киргиле, анткени чоң жана кенен жол өлүмгө алып барат»,— деп так которулган.

  •   Түшүнүктүүлүгү. Жакшы котормо так эле болбостон, түшүнүүгө оңой болушу да керек. Мисалы, Иса пайгамбардын Матай 5:3тө жазылган сөздөрүн алалы. Анын сөздөрү түзмө-түз «руху жакырлар бактылуу» деп которулат. Бирок бул анча түшүнүктүү болбогондуктан, «Жаңы дүйнө котормосунда» «рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу» деп түшүнүктүүрөөк которулган.

 «Жаңы дүйнө котормосунун» дагы бир айырмачылыгы: ал сатылбайт, бекер берилет. Ошонун аркасында миллиондогон адамдар, анын ичинде сатып алганга шарты жоктор да өз эне тилинде Ыйык Китепти бекер алып, окуй алышат.