Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китепти изилдөө деген эмне?

Ыйык Китепти изилдөө деген эмне?

Жахабанын Күбөлөрү башкаларга Ыйык Китепти изилдөөнү сунуш кылышат. Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында төмөнкүдөй суроолорго жооп алууга болот:

  • Кудай деген ким?

  • Кудай бизге кам көрөбү?

  • Канткенде үй-бүлө бактылуу болот?

  • Канткенде жашоодо бактылуу болууга болот?

Төмөнкү жерден Ыйык Китепти изилдөөгө байланыштуу көптөрдү кызыктырган суроолордун жообун биле аласыз.

Изилдөө кандайча жүргүзүлөт? Адегенде белгилүү бир теманы, мисалы, «Кудай» же «үй-бүлө» деген теманы тандап алабыз. Анан ошол темага байланыштуу Ыйык Китептеги аяттарды изилдеп чыгабыз да, Ыйык Китепте ал тууралуу эмне деп айтыларын так биле алабыз.

Ыйык Китепти изилдөөдө «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китепти колдонобуз. Анда Ыйык Китепте башка темалар менен бирге Жараткан Кудай, Иса пайгамбар жана адамзаттын келечеги тууралуу эмнелер айтылары түшүнүктүү, жөнөкөй тил менен жазылган.

Ыйык Китепти изилдөө канча турат? Ыйык Китепти изилдөө акысыз өткөрүлөт. Окуу материалдары үчүн да акы алынбайт.

Изилдөөгө канча убакыт сарпталат? Көптөр Ыйык Китепти изилдөөгө жумасына бир жолу бир сааттай убакыт бөлүшөт. Бирок изилдөө убактысы ар кандай болушу мүмкүн. Биз Ыйык Китепти изилдегиси келген адамдардын жагдай-шартына ылайыкташууга даярбыз.

Мени менен изилдөө өткөрүлүшүн сурангандан кийин эмне болот? Изилдөө өткөрүлүшүн суранганыңызда, Жахабанын Күбөсү сиз менен сизге ылайыктуу жерде жана сизге ыңгайлуу убакта жолугат. Ал сизге Ыйык Китепти кантип изилдесе болорун кыскача көрсөтүп берет. Эгер жакса, изилдөөнү улантсаңыз болот.

Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгонум Жахабанын Күбөсү болушум керек дегенди билдиреби? Жок. Биз башкалар менен Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшкөндү жакшы көрөбүз. Бирок эч кимди эч качан Жахабанын Күбөсү бол деп мажбурлабайбыз. Биз башкаларга Ыйык Китепте айтылгандарды айтып беребиз, ал эми адам ага ишенеби, жокпу, өзү чечет. Биз анын тандоо укугун сыйлайбыз (1 Петир 3:15).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар Ыйык Китептен жүрөгүн өйүгөн суроолоруна жооп табууда. Сиз да ошондой суроолоруңузга жооп алгыңыз келеби?

Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү ар бир кишиге Ыйык Китепти акысыз изилдөөнү сунуштаганы менен белгилүү. Муну тасмадан көргүлө.

Ыйык Китепти изилдегим келет

Ыйык Китепти өзүңүзгө ыңгайлуу убакта, ыңгайлуу жерде акысыз изилдеңиз.