Биздин кабар айтуу ишибиз, негизинен, өзүбүздүн ыктыярдуу тартууларыбыздын эсебинен каржыланат. Жыйналыш жолугушууларында эч кандай акча чогултулбайт жана жыйналыштын мүчөлөрүнөн иштеп тапканынын ондон бир бөлүгүн берип туруу талап кылынбайт (Матай 10:7, 8). Жыйналыш жолугушуулары өткөрүлгөн жайларда ыктыярдуу тартуулар үчүн кутучалар бар. Каалагандар ал кутучуларга ыктыярдуу тартуусун сала алышат. Кимдин канча салганы белгисиз бойдон калат.

Ыктыярдуу тартуулар чыгымдардын баарын жабууга жетет. Анткени биздин уюмда кызматына айлык акы алган диний жетекчилер жок. Ошондой эле үймө-үй кабар айтканы үчүн эч кимибизге акча төлөнбөйт, жыйналыштарыбыз да жөнөкөй имараттарда өткөрүлөт.

Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарына жөнөтүлгөн ыктыярдуу тартуулар табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жардам катары жумшалат жана миссионерлер менен кыдыруучу көзөмөлчүлөрдүн чыгымдарын жабууга колдонулат. Ошондой эле өнүгүп келаткан өлкөлөрдө сыйынуу жайларын курууга, Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды басып чыгарууга, аларды ар кайсы өлкөлөргө жөнөтүүгө жумшалат.

Ыктыярдуу тартууну кайсы кутучага салууну — жергиликтүү жыйналыштын муктаждыктарынабы, бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин колдоогобу, же экөөнө теңби — ар ким өзү чечет. Жыйналыштын мүчөлөрү ыктыярдуу тартуулардын кандай колдонулуп жатканынан дайыма кабардар болуп турушат.