Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрү Иса пайгамбарга ишенеби?

Жахабанын Күбөлөрү Иса пайгамбарга ишенеби?

Ооба, ишенебиз. Ал: «Мен жолмун, чындыкмын жана өмүрмүн. Атама мен аркылуу гана барууга болот. Менсиз эч ким бара албайт»,— деп айткан (Жакан 14:6). Биз Иса Машаяктын асмандан жерге келип, өзүнүн жеткилең өмүрүн куткаруу курмандыгы катары бергенине ишенебиз (Матай 20:28). Анын өлүп, кайра тирилгенинин аркасында ага ишенген адамдар үчүн түбөлүк өмүргө жол ачылган (Жакан 3:16). Ошондой эле биз учурда Иса Машаяктын Кудайдын асмандагы Падышалыгында Падыша экенине жана жакында бүт жер жүзүнө тынчтык орноторуна ишенебиз (Аян 11:15). Бирок биз аны Кудайдай көрбөйбүз, анткени ал өзү да: «Атам менден чоң»,— деп айткан (Жакан 14:28). Андыктан Иса пайгамбарга сыйынбайбыз жана аны Кудуреттүү Кудай деп эсептебейбиз.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Иса Машаяк деген ким?

Иса эмне үчүн өлгөнүн, азыр эмне кылып жатканын, кун деген эмне экенин окуп көргүлө

Окумуштуулар Иса Машаякты тарыхый инсан деп эсептешеби?

Окумуштуулар жана тарыхчылар Иса Машаякты чын эле жашаган деп эсептешеби? Бул тууралуу окуп көрүңүз.