Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» так котормобу?

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосу» так котормобу?

Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» бир бөлүгү 1950-жылы жарык көргөн. Ошондон тартып «Жаңы дүйнө котормосунун» так которулганына карата шек саноолор туулуп, ар кандай ой-пикирлер айтылып келет *. Мунун себеби ал котормонун Ыйык Китептин башка котормолорунан көп жагынан айырмаланганында. Аны негизинен төмөнкү үч нерсе айырмалап турат.

^ 2-абз. Ал ой-пикирлер 2013-жылы басылып чыккан англис тилиндеги «Жаңы дүйнө котормосунун» ага чейинки басылыштарына карата айтылган.

  • Ишенүүгө татыктуу. «Жаңы дүйнө котормосу» окумуштуулардын акыркы изилдөөлөрүнүн жана эң эле ишеничтүү байыркы кол жазмалардын негизинде которулган. Ал эми айрым котормолор, маселен, 1611-жылы чыккан «Король Яковдун Ыйык Китеби» анча так эмес кол жазмалардын негизинде которулган жана алар «Жаңы дүйнө котормосун» которууда колдонулган кол жазмалардай байыркы болгон эмес.

  • Так. «Жаңы дүйнө котормосун» которгондор Кудайдын өзүнүн ыйык рухунун жетеги менен жаздырган ойлорун так берүүгө аракет кылган (2 Тиметей 3:16). Ыйык Китепти которгон башка көптөгөн котормочулар болсо Кудайдын Сөзүн так которууга эмес, адамдардын салт-санааларына көбүрөөк маани беришкен. Мисалы, Кудайдын ысмын, «Жахаба» деген ысымды, «Теңир» же «Кудай» деген наамдарга алмаштырып коюшкан.

  • Сөзмө-сөз котормо. Эркин которулган котормолордон айырмаланып, «Жаңы дүйнө котормосунда» мүмкүн болгон жерлердин баары сөзмө-сөз которулган, бирок түп нускадагы ойлор түшүнүктүү жана толук берилген. Ыйык Китептин түп нускасы өтө эле эркин которулган котормолорго адамдардын ой толгоолору кошулуп кетиши же маанилүү ойлор калып калышы мүмкүн.

«Жаңы дүйнө котормосу» менен башка котормолордун айырмасы

Ыйык Китепке киргизилбеген китептердин жоктугу. Рим-католиктик жана Чыгыш православие чиркөөлөрү өздөрүнүн Ыйык Китебине апокрифтик китептерди (Ыйык Китепке киргизилбеген иудаисттик адабий чыгармаларды) кошушкан. Бирок ал китептер жүйүттөрдүн канонунда жок болчу. Белгилей кетчү нерсе, Ыйык Китепте «Кудайдын ыйык сөздөрү жүйүттөргө берилгени» айтылат (Римдиктер 3:1, 2). Ошол себептен «Жаңы дүйнө котормосунда» жана азыркы Ыйык Китептин котормолорунун көбүндө апокрифтик китептер такыр кездешпейт.

Түп нускада кездешпеген аяттардын жоктугу. Ыйык Китептин айрым котормолоруна байыркы кол жазмаларда кездешпеген аяттар жана сөздөр кошулган. Бирок «Жаңы дүйнө котормосун» которгондор андай аяттар менен сөздөрдү кошушкан эмес. Азыркы котормолордун көбүндө кийин кошулган андай аяттар кездешпейт же кездешсе да, алардын ишеничтүү булактардын көбүндө жок экени көрсөтүлөт.

Башка сөздөрдүн колдонулушу. Адатта, ойлор сөзмө-сөз которулганда мааниси анча айкын болбой калат же окурман ойду туура эмес түшүнүп калат. Алсак, көптөгөн котормолордо Иса Машаяктын Матай 5:3төгү сөздөрү: «Руху жакырлар бактылуу»,— деп берилген («Король Яковдун Ыйык Китеби»; «Эл аралык жаңы котормо»; «Үмүт Нуру» котормосу). Сөзмө-сөз которулган бул сөздөрдүн маанисин көптөр таптакыр түшүнө албайт, айрымдар болсо Иса Машаяк момун болуунун же жакыр болуунун маанилүүлүгүн баса белгилеш үчүн ушинтип айткан деп ойлошот. Бирок, чынында, бул аятта Иса пайгамбар Кудайдын жетекчилигине муктаж экенин түшүнгөндөр бактылуу болорун айткысы келген. «Жаңы дүйнө котормосунда» бул аят: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу»,— деп так которулган (Матай 5:3).

Жахабанын Күбөсү болбогон окумуштуулар «Жаңы дүйнө котормосу» тууралуу кандай ойдо?

  • Ыйык Китепти которгон бир котормочу жана окумуштуу Эдгар Гудспид «Грек Жазмаларынын Жаңы дүйнө котормосу» жөнүндө 1950-жылы 8-декабрда жазган катында мындай деп айткан: «Мени силердин миссионердик ишиңер аябай кызыктырат, анын дүйнө жүзү боюнча кулач жайып жатканына таң берем. Ошондой эле мага Ыйык Китебиңердин эркин, табигый жана „тирүү“ тилде которулганы жагат. Ал котормо котормочулардын талыкпай изилдөө жүргүзүп, көп күч-аракет жумшаганынын аркасында жаралган деп ишенимдүү түрдө айта алам».

    Эдгар Гудспид

  • Чикаго университетинин профессору Аллен Викгрен «Жаңы дүйнө котормосун» мисал катары келтирип, анын азыркы тилде түшүнүктүү которулганын жана башка котормолордун негизинде которулган Ыйык Китептерден айырмаланып, «түп нуска болуп эсептелген кол жазмалардан» которулганын айткан («The Interpreter’s Bible», I том, 99-б.).

  • Ыйык Китептин котормолорунун сынчысы британиялык Александр Томсон «Грек Жазмаларынын Жаңы дүйнө котормосу» жөнүндө мындай деп жазган: «Бул котормону грек текстин англис тилинде мүмкүн болгончолук деңгээлде так, түшүнүктүү кылып берүүнү көздөгөн жөндөмдүү жана таланттуу филологдор которгону көрүнүп турат» («The Differentiator», 1952, апрель, 52—57-б.).

  • «Жаңы дүйнө котормосуна» карата сын көз карашта болгону менен, аны жакшы котормо деп эсептеген Роберт Маккой деген бир окумуштуу мындай жыйынтыкка келген: «Жаңы Келишимдин котормосу бул уюмда [Жахабанын Күбөлөрү] Ыйык Китепти которууда кездешкен көйгөйлөрдү чече билген, иш билги адистер бар экенин далилдеп турат» («Andover Newton Quarterly», 1963, январь, 31-б.).

  • Профессор Маклин Гилмор «Жаңы дүйнө котормосунун» айрым аяттарынын которулушуна карата терс ойдо болсо да, аны которгон котормочулардын «грек тилин абдан жакшы билишкенин» айткан («Andover Newton Quarterly», 1966, сентябрь, 26-б.)

  • «Грек Жазмаларынын Жаңы дүйнө котормосунун» дагы бир басылышын — «Падышалыктын сөзмө-сөз котормосун» — окуп чыккан соң Томас Винтер деген бир окумуштуу мындай деп жазган: «Аттарын жашыруун калтырууну чечкен бул котормонун комитети аны эң акыркы изилдөөлөрдүн негизинде жаратышкан. Алардын котормосу баштан-аяк тактыгы жана сөздөрдүн ырааттуу которулушу менен өзгөчөлөнөт» («The Classical Journal», 1974, апрель-май, 376-б.).

  • Израилдеги Бенжамин Кедар деген еврей профессору 1989-жылы «Жаңы дүйнө котормосу» тууралуу мындай деп ой бөлүшкөн: «Еврей тилиндеги Ыйык Китепке жана бир катар котормолорго байланыштуу лингвистикалык изилдөөлөрдү жүргүзгөндө «Жаңы дүйнө котормосу» деп белгилүү болгон англис тилиндеги эмгекке көп кайрылам. Ага кайрылган сайын аны которгондордун текстти мүмкүн болушунча тагыраак түшүнүүгө чын ниеттен аракет кылышканына ынанам».

  • Англис тилиндеги Ыйык Китептин тогуз котормосун иликтеп чыккан жана диний изилдөөлөрдү жүргүзгөн Жейсон Дейвид Бедун деген бир профессор: «ЖДны [«Жаңы дүйнө котормосун»] башкаларга салыштырганда эң эле так котормо деп айтса болот»,— деп жазган. Көптөр, анын ичинде Ыйык Китепти изилдеген көптөгөн окумуштуулар «Жаңы дүйнө котормосунун» башка котормолордон айырмаланганынын себеби аны которгон котормочулардын туткан динине байланыштуу деп ырасташат. Бирок Ж. Д. Бедун бул туурасында мындай деген: «ЖДнын айырмачылыктары аны так котормо экенин айгинелеп турат. Себеби аны которгондор Жаңы Келишимди жазгандардын сөздөрүн, мүмкүн болсо, сөзмө-сөз, эч өзгөртпөй беришкен» («Truth in Translation», 163, 165-б.).

Comments apply to editions of the English New World Translation prior to the 2013 revision.

Ошондой котормолордун айрымдары: «Эл аралык жаңы котормо» (англ.), «Жаңы Иерусалим Ыйык Китеби» (англ.), «Иерусалим Ыйык Китеби» (англ.). Башка котормолордо төмөнкү аяттар кошулган: Матай 17:21; 18:11; 23:14; Марк 7:16; 9:44, 46; 11:26; 15:28; Лука 17:36; 23:17; Жакан 5:4; Элчилер 8:37; 15:34; 24:7; 28:29; Римдиктер 16:24. Ошондой эле «Король Яковдун Ыйык Китебинде» (англ.), «Дуэй-Реймс Ыйык Китебинде» (англ.), «Үмүт Нурунда» жана «Мукаддаста» Ыйык Китептин түп нускасы жазылгандан жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин 1 Жакан 5:7, 8ге үчилтик окуусун жактаган ойлор кошулган.

Айрым котормолордо да ушундай ой камтылган. Мисалы, Ж. Б. Филлипстин котормосунда бул аят: «Кудайга муктаж экенин сезгендер»,— деп которулган. Дагы бир котормодо: «Рухий муктаждыгын сезгендер»,— деп берилген («The Translator’s New Testament»).

Көбүрөөк билиңиз

ЖАХАБА КУДАЙДЫН ЭРКИН КИМДЕР АТКАРЫП ЖАТАТ?

«Жаңы дүйнө котормосу» эмне үчүн чыгарылган?

Бул котормону өзгөчө кылган эмне?