кыргыз
Эмне үчүн силердин чогулган жериңер «Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залы» деп аталат?
https://cms-imgp.jw-cdn.org/img/p/502013283/univ/art/502013283_univ_sqr_xl.jpg
ijwfq 24-макала

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү сыйынуу үчүн чогулган жерин Падышалык залы деп аташат?

Эмне үчүн Жахабанын Күбөлөрү сыйынуу үчүн чогулган жерин Падышалык залы деп аташат?

 Буга төмөнкүдөй себептер бар:

  •   Биз чогулган жердин зал деп аталганынын себеби ал жерге көп киши чогулат.

  •   Биз ал жерге Ыйык Китепте айтылган Жахаба Кудайга сыйыныш үчүн жана ал тууралуу күбөлөндүрүш үчүн чогулабыз (Забур 83:18; Ышая 43:12).

  • Ошондой эле Иса пайгамбар жарыялаган Кудайдын Падышалыгы жөнүндө билим алыш үчүн да чогулабыз (Матай 6:9, 10; 24:14; Лука 4:43).

 Биз сизди өзүңүз жашаган жерге жакын жайгашкан Падышалык залына келип, жыйналышыбыздын кандай өткөрүлөрүн көрүп кетүүгө чакырабыз.