Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Дүйнө жүзү боюнча канча Жахабанын Күбөсү бар?

Дүйнө жүзү боюнча канча Жахабанын Күбөсү бар?

2015-кызмат жылынын * отчёту

Дүйнө жүзү боюнча Жахабанын Күбөлөрүнүн саны

8 220 105

Жыйналыштардын саны

118 016

Жахабанын Күбөлөрү кабар айткан өлкөлөрдүн саны

240

Уюмдун мүчөлөрүн кантип эсептейсиңер?

Биз Жахабанын Күбөлөрү деп Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды ай сайын айткандарды гана эсептейбиз (Матай 24:14). Бул санга Жахабанын Күбөсү катары чөмүлгөндөр жана жакшы кабар айтуу ишине катышууга жарактуу деп табылгандар, бирок али чөмүлө электер да кирет.

Уюмга мүчө болуу үчүн адам акча тартуу кылышы керекпи?

Жок. Кимдир бирөөнүн Жахабанын Күбөсү болуп эсептелишине, уюмда кандайдыр бир жоопкерчиликтерди аркалашына тартуулардын эч кандай тиешеси жок (Элчилер 8:18—20). Тартуу бергиси келгендер аны эч кимге билгизбей эле атайын орнотулган кутуга салып коюшат. Ар бир Жахабанын Күбөсү бүткүл дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан ишке убактысын, күчүн, каражатын өз каалоосу менен жагдай-шартына жараша жумшайт (2 Корунттуктар 9:7).

Канча кишинин кабар айтып жатканын кантип билесиңер?

Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишине канча убакыт жумшаганы тууралуу өздөрү барган жыйналышка ай сайын отчёт тапшырып турушат. Отчёт тапшырууга аларды эч ким мажбурлабайт.

Бардык отчёттор чогултулуп, алардын жалпы саны жергиликтүү филиалга жөнөтүлүп турат. Филиалдар болсо өлкө боюнча чогулган отчёттун жалпы санын башкы башкармалыгыбызга жөнөтүшөт.

Ар бир кызмат жылынын * аягында ар бир өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн жогорку саны аныкталат. Ушул сандар кошулуп дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн саны чыгарылат. Филиалдар майда-баратына чейин жазылган отчёттор менен бирге кабар айтуу ишинде болгон кызыктуу окуяларды жазып жиберишет, алар Жахабанын Күбөлөрүнүн «Жылдык китебине» чыгат. Ушу сыяктуу отчёттор, Кудайдын 1-кылымдагы кызматчыларын бекемдегендей эле, бизди да бекемдейт (Элчилер 2:41; 4:4; 15:3).

Жыйналыштарыңар менен байланышы бар, бирок кабар айтпагандарды да эсептейсиңерби?

Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн санына кошулбаса да, эшигибиз алар үчүн дайыма ачык. Алардын көбү Иса Машаяктын өлүмүн Эскерүү кечесине келишет. Алардын канча экенин билгиңиз келсе, ошол аземге келген кишилердин жалпы санынан Жахабанын Күбөлөрүнүн санын кемитиңиз. 2015-жылы өткөрүлгөн Эскерүү кечесине 19 862 783 киши келген.

Жыйналыштарыбызга келбегендердин көбү Ыйык Китепти үйүнөн акысыз изилдешет. 2015-жылы ай сайын орто эсеп менен 9 708 968дей изилдөө өткөрдүк. Андай изилдөөлөргө кээде бир эле учурда бир нече киши катышат.

Эмне үчүн өкмөт жүргүзгөн санакта Жахабанын Күбөлөрүнүн саны өзүңөрдүкүнөн көбүрөөк болот?

Өкмөт ким өзүн кайсы диндин мүчөсү деп эсептээрин сурамжылап, санакты ошонун негизинде чыгарат. Мисалы, АКШдагы ушундай сурамжылоо жүргүзгөн уюмдардын бири сурамжылоонун жыйынтыгы кандайча чыгарылары жөнүндө мындай деп жазган: «Санактын жыйынтыгы ким өзүн кайсы диний топко таандык деп эсептегенине жараша чыгарылат, ошондуктан ал так эмес, болжолдуу болот». Биз болсо кабар айтуу ишине катышкандарды гана санакка киргизебиз.

^ 2-абз. Кызмат жылы календардык жылдын 1-сентябрынан 31-августуна чейин созулат. Мисалы, 2015-кызмат жылы 2014-жылдын 1-сентябрынан башталып 2015-жылдын 31-августунда бүткөн.

^ 16-абз. Кызмат жылы календардык жылдын 1-сентябрынан 31-августуна чейин созулат. Мисалы, 2015-кызмат жылы 2014-жылдын 1-сентябрынан башталып 2015-жылдын 31-августунда бүткөн.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жахабанын Күбөлөрү эмнелерге ишенет?

Биз ишенген 15 нерсе жөнүндө билип көргүлө.

Жахабанын Күбөлөрү кабарды кантип таратышат?

Биз Иса Машаяк жерде жүргөндө колдонгон ыкманы колдонуп жатабыз. Ал кандай ыкмаларды колдонду эле?

Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары кандайча уюшулган?

Жыйналыш жолугушуулары кандай максатта уюшулганын окуп көрүңүз.