Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Дүйнөнүн булуң-бурчуна трансляцияланган программа

Дүйнөнүн булуң-бурчуна трансляцияланган программа

2013-жылдын 5-октябрында, ишемби күнү Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун 129-жылдык жолугушуусу болуп өткөн. Ал программага катышкандардын жана аны видеотрансляция аркылуу көргөндөрдүн саны 257 294кө, ал эми өлкөлөрдүн саны 21ге жеткен. Ал эми дагы башка Жахабанын Күбөлөрү программаны дем алыш күнү көрө алышкан. Ошентип, программага катышкандардын жана аны көргөндөрдүн жалпы саны 1 413 676ны түзүп, өлкөлөрдүн саны 31ге жеткен. Ал жолугушууну Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхындагы эң эле чоң жолугушуу болуп калды десе болот. Ага чейин 2013-жылдын 28-апрелинде Мексикада жана Борбордук Америкада өткөн атайын программаны 1 327 704 киши көргөн.

Жахабанын Күбөлөрү 1920-жылдардан тартып эле жыйындарын телефон линиялары жана радио аркылуу дүйнө жүзүнө трансляциялай баштаган. Азыр болсо Интернет тармагы өнүгүп жаткандыктан, программа болуп жатканда же болуп бүткөндөн кийин, аны атүгүл алыскы аймактагыларга чейин угузуу же көрсөтүү мүмкүн болуп калды. Кошмо Штаттарда жашаган Уильям деген Жахабанын Күбөсү 1942-жылы Ричмонд (Виржиния) деген жерде өткөрүлгөн жыйынды телефон линиясы аркылуу уккан. Ал ошондогу программаны ушул жылы болгон жылдык жолугушуу менен салыштырып, мындай деген: «Программаны өз көзүң менен көргөндө көбүрөөк пайда алат экенсиң. Көз менен көргөнгө эмне жетсин».

Жахабанын Күбөлөрүнүн бир нече филиалындагы ыктыярдуу жардамчылар ушул трансляцияны ишке ашыруу үчүн бир жылдан ашуун убакыт бою эмгектенип, миңдеген сааттарды жумшаган. Трансляция болгон жумада адистер Бруклиндеги (Нью-Йорк) башкаруу борборунан анын жүрүшүн көзөмөлдөп турушкан жана программа 15 саат алкагында трансляциялангандыктан, 24 саат бою иштешкен. Ал адистердин бири Райан мындай дейт: «Биз көз ирмеген жокпуз. Бирок ошончо күч жумшаганыбызды арзырлык деп эсептейм, анткени программадан көптөр пайда алышты».

Кэтринде (Түндүк территория, Австралия) программаны көрүп жаткандар