Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин 137-классынын бүтүрүү аземи

Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин 137-классынын бүтүрүү аземи

2014-жылдын 13-сентябрында Жахабанын Күбөлөрүнүн Патерсондогу (Нью-Йорк) билим берүү борборунда Күзөт мунарасы коомунун ыйык китептик Гилат мектебинин 137-классынын бүтүрүү аземи болуп өттү. Ал мектепте тажрыйбалуу жарчылар өздөрү дайындала турган аймактагы жыйналыштарды жана филиалдагы бир туугандарды бекемдөөгө үйрөтүлөт. Патерсондогу билим берүү борборуна келгендерден тышкары, программаны Пуэрто-Рикодогу, Ямайкадагы, Канададагы жана Кошмо Штаттардагы бир туугандар видеотрансляция аркылуу көрө алышты. Программаны, жалпы жонунан алганда, 12 333 киши көрдү.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин мүчөсү Сэмюэл Хёрд программанын төрагасы катары кызмат кылды. Алгы сөзүндө ал Жахабанын ойлору биздикинен алда канча бийик экенине басым койду (Ышая 55:8, 9). Хёрд бир тууган Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрү беш ай бою Жахаба ой жүгүрткөндөй ой жүгүртүүгө үйрөнүшсө да, «[Кудайдын] жолдорунун четин» гана билишкенин айтып өттү (Аюп 26:14). Ал ошондой эле Кудайдын ойлору талкууланган жолугушуулардын баарынан зор пайда аларыбызды жана бул жолугушуудан да көп нерселерди билерибизди айтты.

«Рухтун жемиши — ...чыдамкайлык» (Галатиялыктар 5:22). Кошмо Штаттардагы филиалдын комитетинин мүчөсү Жон Ларсон Кудайдын рухунун жемишине кирген чыдамкайлык сапатын кайсы эки жол менен көрсөтө аларыбызды айтты. Биринчиден, Жахаба бизди окутуп-үйрөтүп жана ишенимибизди бекемдөөгө жардам берип жаткан учурда, чыдамкай болушубуз керек (1 Петир 5:10). Бул жагынан Ыбрайым пайгамбар бизге эң сонун үлгү калтырган. Ал Жахабанын убадаларынын аткарылышын чыдамдуулук менен күткөн. Ошондой эле Жахаба аны үйрөтүп жатканда, зор чыдамдуулук көрсөткөн (Еврейлер 6:15).

Экинчиден, өзүбүзгө да чыдамдуу болушубуз керек. Гилат мектебин бүтүргөндөр өздөрүнөн көптү талап кылып алышы мүмкүн. Ошондуктан дайындалган кызматын аткарып баштаганда дароо эле баары алар ойлогондой болбой жатса: «Эмнени туура эмес кылып жатам?» — деп тынчсызданышы ыктымал. Ларсон бир тууган өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, бүтүрүүчүлөрдү кыйынчылыктарды жеңе аларына ынандырды. Ан үчүн Кудай аларды окутуп-үйрөтүп жатканда, өздөрүнө чыдамдуу болушу жана кызматка жигердүү катыша бериши керектигин айтты (Еврейлер 6:11, 12).

«Жүрөгүңөр момун болуп, „түбөлүк соксун“!» Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис Забур 22:26-аяттын экинчи жарым бөлүгүндөгү: «Алардын жүрөгү түбөлүк соксун»,— деген сөздөргө негизделген баяндама айтты. Жүрөгүбүз түбөлүк согушу үчүн, момун болушубуз зарыл. Моррис бир тууган момун болбосок, Кудайга кызмат кылууга жараксыз болуп каларыбызды баса белгиледи. Ар бирибиз, атүгүл Жахабага узак убакыттан бери кызмат кылып келатсак да, Иса Машаякка окшош болуу маанилүү экенин унутуп калышыбыз мүмкүн (2 Петир 1:9).

Ыйык Жазмада момун жана текебер адамдар жөнүндө жазылган. Мисалы, текебер Ирод Агриппага эл кошомат кылып, Кудайга гана таандык болгон даңкты ыйгарганда, ал Кудайды даңктабастан, элдин сөзүн машыркап угуп тура берген. Ошон үчүн Кудайдын периштеси аны катуу ооруга чалдыктырган жана ал «куртка жем болуп өлгөн» (Элчилер 12:21—23). Элчи Петир андан бир топ айырмаланган. Иса анын ою «Кудайдыкы эмес, адамдыкы» экенин айтып ашкерелегенде, ал таарынган же ачууланган эмес (Матай 16:21—23). Ал оңдоп-түзөөнү даярдуулук менен кабыл алып, момун болуу жагынан эң сонун үлгү калтырган (1 Петир 5:5).

Бүтүрүүчүлөрдүн айрымдары Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалдарынын биринде кызмат кылууга дайындалышат. Ошондуктан Моррис бир тууган момундук жок болсо, андай кызматтан кубаныч алуу мүмкүн эмес экенин эскертти. Бирок өзүңдө момундук жетишпей турганын оңой менен байкабашың мүмкүн. Ал көп жыл мурун болгон бир окуяны мисал кылды. Бир аксакалга момун болушу керек экенин кеңеш кылышканда, ал филиалга мындай деп кат жазган: «Мен билген момун адамдардын эң эле момуну менмин». Моррис бир тууган бүтүрүүчүлөрдү ушундай маанай чагылдыруудан качуу керектигин айтты. Эгер алар бардык бийлик Жахаба Кудайга жана Иса Машаякка таандык экенин эске алып, уюмда ээлеген абалына өтө чоң маани беришпесе, момун бойдон кала алышат.

«Кудай... рухун ченемсиз берет» (Жакан 3:34). Гилат мектебинин нускоочусу Майкл Бернетт бүтүрүүчүлөргө кызматта кездешчү кыйынчылыктарды жеңүүгө жана ар кандай шек саноолордон арылууга ыйык рухтун жардам берерин дагы бир жолу айтты. Кудайдын ыйык руху Безелелге ыйык чатырды курууга жардам берген (Чыгуу 35:30—35). Ыйык рух Безелелдин тубаса жөндөмдүүлүктөрүн арттыргандан тышкары, башкаларды окутуп-үйрөтүүгө да жөндөмдүү кылган. Эгер бүтүрүүчүлөр мектептен үйрөнгөндөрүнө, тагыраак айтканда, Ыйык Жазмадагы окуунун үлгүсүнө бекем карманышса, ыйык рух аларды да жөндөмдүү кылат.

Безелелдин убагында ысрайылдык аялдар да ыйык чатырды курууда чоң салым кошушкан (Чыгуу 35:25, 26). Ошо сыяктуу эле, Гилат мектебинде окуган эже-карындаштар күйөөлөрүн колдоп, өздөрүн «жөндөмдүү аялдар» катары көрсөтүштү. Сөзүнүн акырында Бернетт бир тууган бүтүрүүчүлөргө: «Тубаса жөндөмдүүлүктөрүңөрдү колдонууда момун, тил алчаак болгула. Ошондо Жахаба силерге ыйык рухун ченемсиз берет»,— деп кеңеш берди.

«Мени менен бийлейсиңби?» Окутуу комитетинин жардамчысы Марк Нумар баяндамасында Дөөтү падышаны мисал кылды. Анын буйругу боюнча келишим сандыгын Иерусалимге алып келишкен болчу (2 Шемуел 6:12—14). Анан аны шаарга алып кирип келатышканда, Дөөтү падыша «кызматчыларынын күңдөрү» менен кубанып-шаттанып бийлеген (2 Шемуел 6:20—22). Ал күңдөр Дөөтү менен бийлеген күндү өмүр бою эстеп жүрүшкөн. Нумар бир тууган студенттерди «күңдөр» менен бийлегенге үндөдү. Андан соң аларга: «Сен жыйналышта анча-мынча жоопкерчиликтерге ээ болгон же таптакыр эле ээ болбогон бир туугандарга жардам берген адам катары белгилүү болосуңбу?.. Башкаларды жакшы сапаттары үчүн баалайсыңбы?» — деген суроолорду берди.

Эгер алар ушундайча туруктуу сүйүү көрсөтө беришсе, Жахабадан үлгү алган болушат (Забур 113:6, 7). Атүгүл айланадагылардын айрымдары момун болушпаса да, бүтүрүүчүлөрдүн момундукка умтулушу зарыл. Бүтүрүүчүлөр башкалардын жеткилеңсиздигинин аларга таасир этишине жол бербеши керек. Нумар бир тууган: «Өзүңөрдү дайыма башкалардан төмөн эсептегиле»,— деп айтты. Анан: «Жахабанын койлоруна Ал мамиле кылгандай мамиле кылгыла»,— деп кошумчалады.

«Ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, кабар айткыла». Теократиялык мектептер бөлүмүнүн көзөмөлчүсү Уильям Сэмюэлсон ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып кабар айткан элчи Пабылдын сөздөрүн цитата кылды (Элчилер 17:17). Ал бүтүрүүчүлөрдөн Гилат мектебинен билим алып жаткан маалда кызматта болгон окуяларды сахналаштырып берүүнү суранды. Бир жубайлар азык-түлүк дүкөнүнүн сатуучусуна кабар айтканын көрсөтүп беришти. Жубайлар атайын ыңгайлуу учурду күтүп, кардарлар азайганда, сатуучуга «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген видеону көрсөтүштү. Ошондой эле алар jw.org сайтына кантип кирсе болорун көрсөтүп, ал жактан сатуучу өз эне тилиндеги, лаос тилиндеги, адабияттарды окуй аларын айтышты. Анан сатуучунун кызыгуусун арттыруу үчүн кайра жолугууга барышты.

«Кудайга даярдуулук менен кызмат кыла бер». Кошмо Штаттардагы филиалдын кызмат бөлүмүндө кызмат кылган Уильям Нонкес төрт бүтүрүүчү менен маек курду. Алар буга чейин эле Падышалыктын ишин биринчи орунга коюу менен Ышая 6:8деги рухту чагылдырып келишкен. Ошентсе да мектеп аларга көбүрөөк кылууга түрткү бергенин айтышты. Снолия Масеко бир тууган Гилат мектебинен алган билиминин аркасында кайсы жактардан жакшырышы керектигин, өзгөчө, бир күн толук кызмат кылгандан кийинки убакытты акылдуулук менен колдонууга үйрөнгөнүн айтты. Ал: «Мен өзүм ойлогондон да көптү кыла аларымды түшүндүм»,— дейт. Дэннис Нильсен болсо Сепания 3:17де айтылгандар кабар айтуу кызматын аткарууда маанайын чөгөрбөгөнгө кандайча жардам бергени тууралуу бөлүштү. «Кызматым анча ийгиликтүү болбой калганда, кайгырбай, Жахабанын кызматымды көрүп, кубанып жатканын унутпашым керек экен. Жахаба кубанса, демек, мен да кубанышым керек»,— деди ал.

«Көктө учкан канаттууларды карагылачы» (Матай 6:26). Программанын негизги баяндамасы менен Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт чыкты. Ал сөзүн Иса Машаяктын: «Көктө учкан канаттууларды карагылачы»,— деп айткандарына негиздеп, алардан эмнелерге үйрөнсөк болорун баса белгиледи (Аюп 12:7).

Мисалы, Жахаба канаттууларды азыктандыргандай эле, бизди да азыктандырат. Биз «Кудайдын үйүндөгүлөрдөнбүз», Жахаба болсо бизди «өз үйүндөгүлөрүнө» кам көрөрүнө ынандырат (1 Тиметей 3:15; 5:8). Бирок өзүбүз тараптан да иш-аракет кылуу талап кылынат. Канаттуулар Жахаба берген азыкты издеп таап жеши керек болгондой эле, биз да Жахабанын батасын алыш үчүн «биринчи кезекте Кудайдын Падышалыгын... издешибиз» керек (Матай 6:33).

Андан сырткары, Летт бир тууган коркунуч болгондо, канаттуулар бири-бирине белги берерин мисал кылды. Биз да, зарыл болгон учурда, алсак, ишенимдешибиз «билбестиктен туура эмес иш кылып алганда», белги беришибиз керек (Галатиялыктар 6:1). Мындан тышкары, башкаларга кабар айтуу менен «Жахабанын күнүнүн» өтө тездик менен жакындап келатканын эскертебиз (Сепания 1:14). Стивен Летт дагы бир мисалында канаттуулар абдан бийик тоолордон учуп өткөн сыңары, биз да тоодой болуп көрүнгөн кыйынчылыктарды Жахабанын жардамы менен жеңе аларыбызды түшүндүрүп берди (Матай 17:20).

Корутунду. Дипломдор тапшырылгандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн бири класстын атынан ыраазычылык катын окуду. Хёрд бир тууган сөзүнүн акырында Жахабанын ойлору жүрөктүн тереңинен орун алышы зарыл экенин түшүндүрүү үчүн темир жолдун астындагы жыгачтарга чоң мыктардын кантип кагыларын мисал келтирди. Чоң мык жыгачка кириши үчүн оор балка менен бир нече жолу катуу уруш керек болот. Анын сыңарындай эле, бүтүрүүчүлөр Гилат мектебинен билгендери тууралуу мындан ары да ой жүгүртө бериши зарыл. «Алган билимиңер жыгачка кирген мыктай болуп, жүрөгүңөрдүн тереңинен орун алышы үчүн, ой жүгүртүүгө атайын убакыт бөлгүлө»,— деди Хёрд бир тууган. Анан сөзүн улап: «Кудай ой жүгүрткөндөй ой жүгүрткүлө, ошондо башкалар үчүн бата болосуңар»,— деди.