Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Филиппин. Сүрөт галереясы 1 (2014-жыл, февраль—2015-жыл, май)

Филиппин. Сүрөт галереясы 1 (2014-жыл, февраль—2015-жыл, май)

Жахабанын Күбөлөрү Филиппиндин Кесон-Сити шаарында жайгашкан филиалындагы эски имараттарды оңдоп, жаңыларын куруп жатышат. Адабияттар Филиппинде эмес, Жапонияда басылып чыгарыла баштагандыктан, филиалдагы басмакананын имаратына компьютер, жергиликтүү долбоор/курулуш (ЖДК), техникалык тейлөө, адабияттарды жөнөтүү, котормо бөлүмдөрү жайгаштырылды. Бул сүрөт галереясынан мурунку басмакананын имаратында эмнелер өзгөртүлгөнүн жана 2014-жылдын февралынан 2015-жылдын майына чейин дагы кандай иштер аткарылганын көрөсөңөр болот. Курулуш иши толугу менен 2016-жылдын октябрында бүтөт деп пландаштырылган.

Филиппиндеги жаңы филиалдын көрүнүшү. Оңдолгон жана курулган имараттардын тизмеси

  • 4-имарат (жатак үйү)

  • 5-имарат (аудио-видео, кызмат бөлүмдөрү)

  • 6-имарат (бакчага кам көрүүгө, унаа оңдоого, ширетүү иштерине жооптуу бөлүмдөр)

  • 7-имарат (компьютер, ЖДК, техникалык тейлөө, адабияттарды жөнөтүү, котормо бөлүмдөрү)

2014-жыл, 28-февраль. 7-имарат

Терини коргогон кийим кийген ыктыярдуу кызматчылар айнек кебезди, ным тартып кетпеши үчүн, желим баштыктарга салып жатышат.

2014-жыл, 2-апрель. 7-имарат

Куруучулар филиппин жаңдоо тилине жаздырган студиянын шыбын жасап бүтүштү. Шыптагы тешиктерге жылытуу, желдетүү системасынын жабдыктары орнотулат. Мунун аркасында аба текши айланып турат.

2014-жыл, 21-октябрь. Курулуш жүрүп жаткан жер

Суу түтүктөрү өтө турган жерди казып жатышат. Жаңы система филиалдын бардык имараттарын суу менен камсыз кылат.

2014-жыл, 19-декабрь. 1, 5, 7-имараттарды бириктирип турган асма далис

Асма далис негизги имараттарды, анын ичинде ашкана жайгашкан 1-имаратты бириктирип турат. 7-имаратта кызмат кылган 300 кишиге өзгөчө ыңгайлуу болот.

2015-жыл, 15-январь. 5-имарат

50 тонналык кран менен чатырдын устундарын түшүрүп жатышат. Жергиликтүү куруучулар ар кандай салмактагы крандарды башкарышат.

2015-жыл, 15-январь. 5А имараты (Лифт жайгашкан чакан имарат)

125 чарчы метр жерди ээлеген бул чакан имаратта лифт, 2 даараткана жана тепкич болот. Дааратканалар менен тепкичтин ушул имаратта болгону 5-имаратта көбүрөөк бош орун болушуна өбөлгө түзөт. Лифт ушул жерде жайгашкандыктан, анын үнү 5-имараттагы аудио-видео студиясына тоскоол болбойт.

2015-жыл, 15-январь. 5А имараты (Лифт жайгашкан чакан имарат)

Жумушчулар күндөн коргогон тосмонун астында арматура орнотуп жатышат. Январда күн 29 градуска чейин ысыса, апрелде 34 градуска чейин ысыйт.

2015-жыл, 5-март. 5-имарат

Жумушчулар чатырга балкаларды орнотуп жатышат. 5-имаратка ушундай балкадан 800дөйү орнотулду.

2015-жыл, 17-март. 5-имарат

Аралашма аз өлчөмдө керек болгондуктан аны кол менен жасап жатышат. Австралиядан, Канададан, Франциядан, Жапониядан, Жаңы Зеландиядан, Түштүк Кореядан, Испаниядан, Кошмо Штаттардан жана башка жерлерден курулушка жардам бергени 100дөн ашык киши келген.

2015-жыл, 25-март. 5-имарат

Мурун котормо бөлүмү жайгашкан 5-имараттын чатырын темир менен жаап жатышат. Бул имараттын ичи аудио-видео жана кызмат бөлүмдөрүнө ылайыкташтырылып оңдолду.

2015-жыл, 13-май. 5-имарат

Жумушчу кеңселердин дубалдарына орнотула турган темирлерди кесип жатат.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Бейтелде кандай иштер аткарылат?

Каалоочулар Бейтелдердин кайсынын болбосун, келип көрүп кете алышат. Биз сизди көрүп кетүүгө чакырабыз!