Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Миңинчи Падышалык залынын курулушу

Миңинчи Падышалык залынын курулушу

2013-жылдын август айы Филиппиндеги Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхындагы өзгөчө күн болду, себеби ошол күнү ал жерде Падышалык залдарын куруу боюнча атайын программанын аркасында миңинчи Падышалык залы курулуп бүттү. Башка көптөгөн өлкөлөрдөгү жыйналыштардай эле, Филиппиндеги жыйналыштарда да Падышалык залын курууга каражат жана курулуш боюнча атайын адистиги бар бир туугандар жок болгондуктан, алар өз алдынча Падышалык залын кура алмак эмес. Ал жактагы ишенимдештерибиз көптөгөн жылдар бою үйлөрдө, бамбуктан жасалган алачыктарда чогулуп келишкен.

Филиппинде жана башка көптөгөн өлкөлөрдө Жахабанын Күбөлөрүнүн саны тез өскөндүктөн, Падышалык залдарына болгон муктаждык көбөйгөн. Ошол себептен Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши 1999-жылы ресурстары чектелүү өлкөлөрдө Падышалык залдарын куруу боюнча атайын программа иштеп чыккан. Ал программа боюнча, жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү куруу ишине колунан келишинче тартуу кылышат, ал эми жетпеген каражат башка өлкөдөгү ишенимдештеринин ыктыярдуу тартууларынан толукталат. Андан соң Падышалык залын курууга жардам берүү үчүн топторго бөлүнгөн атайын үйрөтүлгөн адистер тийиштүү өлкөлөргө жөнөтүлөт. Ошол эл аралык куруу программасы 2001-жылдын ноябрь айында алгач Филиппинде жүргүзүлө баштаган.

Миңинчи Падышалык залы курулуп бүткөн Марилаодогу (Булакан) Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналышында кызмат кылган Илуминадо мындай дейт: «Мен бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын мүчөсү экенимди чындап эле сезе алдым. Курулушка аябай көп киши: эркектер да, аялдар да, жаштар да, карылар да өз ыктыяры менен катышышты. Биз мээ кайнаткан күндүн ысыгында чогуу эмгектендик. Эртеден кечке чейин иштеп аябай чарчасак да, чогуу бүтүргөн ишибиздин натыйжасын көрүп абдан кубандык».

Ыктыярдуу жардамчылардын эмгектенип жатканын көрүп, Жахабанын Күбөсү эместер да аябай таң калышкан. Мисалы, ошол жерге кум, шагыл жеткирип келген бир киши Жахабанын Күбөлөрүнө: «Силер тимеле кумурскалардай болуп жабылып иштейт экенсиңер. Баарыңар бири-бириңерден жардамыңарды аябайт экенсиңер. Мен мындайды эч жерден көргөн эмесмин»,— деген.

Жаңы Падышалык залы

Ыктыярдуу кызматчылар Падышалык залын, каркасы тургузулгандан баштап эсептегенде, алты жумага жетпеген убакыттын ичинде эле бүтүрүп салышкан. Падышалык залы тез эле курулуп бүткөндүктөн, жыйналыштагылар маанилүү ишке, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар айтуу ишине, кайрадан толук кандуу катыша алышкан (Матай 24:14).

Ошол жыйналыштагы Элен деген ишенимдешибиз мындай деп ой бөлүшкөн: «Мурунку Падышалык залына батпай калчубуз, көптөрүбүзгө сыртта отурууга туура келчү. Жаңы курулган Падышалык залы болсо кооз жана мурункуга караганда ыңгайлуу. Ошондуктан азыр биз жыйналыш аркылуу берилген билимден мурдагыдан да көбүрөөк пайда алып, Кудайга болгон ишенимибиз бекемделип жатат».

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жан аябас кызматчылар Филиппинде

Айрымдарга жумушун таштап, оокат-мүлкүн сатып, Филиппинге көчүп барууга эмне түрткү бергенин окуп көргүлө.