Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Уорик. Сүрөт галереясы 4 (2015-жыл, май—август)

Уорик. Сүрөт галереясы 4 (2015-жыл, май—август)

Бул сүрөт галереясынан Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгынын имараттарын куруу иши кандай жүрүп жатканын жана 2015-жылдын майынан августуна чейин ыктыярдуу куруучулар эмнелерди кылышканын билесиңер.

Уориктеги имараттардын сүрөтү. Сааттын жебеси боюнча, солдон оңго карай:

  1. Унаа оңдоочу жай

  2. Коноктор үчүн автотурук

  3. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

  4. B жатак үйү

  5. D жатак үйү

  6. C жатак үйү

  7. А жатак үйү

  8. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

2015-жыл, 6-май. Курулуш жүрүп жаткан жер

Жумушчу Стерлинг-Форест көлүнүн түбүнө шайманды түшүргөнгө даярдап жатат. Бул шайман көлдөгү суунун деңгээлин түшүрүш керек болгондо суу агып кете турган жерге кандайдыр бир таштанды тыгылып калган-калбаганын аныктоого жардам берет.

2015-жыл, 6-май. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Куруучулар техникалык тейлөө кызматы жайгаша турган имараттын чатырындагы тосмону жасап жатышат. Алар бетонду адаттагыдай эмес, дубалга чачыратып куюп жатышат, бул ишти кадимкидей тездетет.

2015-жыл, 15-май. Курулуш жүрүп жаткан жер

Уюмдагы ар кандай окуяларга байланыштуу маалымат топтогон бөлүмдө кызмат кылган сүрөтчү курулуш жүрүп жаткан жерди сүрөткө тартып жатат. Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши курулуштун кандай жүрүп жатканын билиш үчүн ал сүрөттөрдү жума сайын карап турушат.

2015-жыл, 30-май. Такседо

Калифорниянын түштүгүнөн келген бул эки ыктыярдуу кызматчы сантехникага жооп берген бөлүмгө жардам бериш үчүн келишкен. Алар келген күнү Такседого жүздөгөн жардамчылар келген. Ыктыярдуу жардамчылар адегенде Такседого келип, андан кийин курулуштун ар кайсы жерине бөлүштүрүлөт. 1-августта ал жакка 707 киши келген. Бул курулушка бир күндө келген жардамчылардын эң жогорку саны болгон.

2015-жыл, 9-июнь. B жатак үйү

Куруучулар чоң бетон дубалды кран менен көтөрүп жатышат. Акыркы бетон дубалдар жана терезелер B жатак үйүнө орнотулду.

2015-жыл, 16-июнь. С жана D жатак үйлөрү

С жана D жатак жатак үйлөрүн бириктирген далис орнотулуп жатат.

2015-жыл, 25-июнь. C жатак үйү

Жумушчулар жерге көк шибер төшөп жатышат.

2015-жыл, 2-июль. Курулуш жүрүп жаткан жер

Куруучулар дамбадан ашкан суу куюла турган жерди оңдоп жатышат. Бул дамба 1950-жылдары курулган. Уориктин аймагында бороон-чапкын, жаан-чачын көп болот. Имараттарды жана тегерек четти суу каптабашы үчүн, бул жердин жакшы абалда күтүлгөнү маанилүү.

2015-жыл, 15-июль. А жатак үйү

Имараттын ичинде жасалчу, мисалы, түтүктөрдү коргоочу материалдар менен ороо, сырдоо сыяктуу иштер түн ичинде жасалган. Ошондуктан түшкү саат 15.00дөн түңкү саат 2.00гө чейин иштей турган топтор түзүлгөн. Бул көп киши иштеген курулушта жумуштун эриш-аркак жүрүшүнө өбөлгө түздү.

2015-жыл, 20-июль. D жатак үйү

Жылытуу, желдетүү системасын тейлеген кызматчы жардамчысына түтүктөрдү орогонду үйрөтүп жатат.

2015-жыл, 21-июль. B жатак үйү

Жумушчу B жатак үйү менен техникалык тейлөө кызматы жайгашкан имаратты бириктирген далистин тирөөчтөрүн сырдап жатат.

2015-жыл, 27-июль. Такседо

Уорикке ташый турган унааны күтүп жаткан жумушчулар. Алар курулуш жүрүп жаткан жерге автобус менен барып келишет.

2015-жыл, 27-июль. Такседо

Жумушчулар чачтарын тегиздетип жатышат. Такседодо, Уорикте жана курулуш материалдары сакталган Монтгомериде (Нью-Йорк) жумасына 400дөн ашык кишинин чачы тегизделет.

2015-жыл, 3-август. Курулуш жүрүп жаткан жер

Геотермалдык түтүктөр орнотула турган жайдын пайдубалы куюлуп жатат. Ал жердеги 150 метрлик 120 кудуктан турган система имараттарды кышкысын жылуу, жайкысын салкын кармайт. Бул система каражатты үнөмдөөгө, айлана-тегеректи таза сактоого жардам берет.

2015-жыл, 7-август. Монтгомери (Нью-Йорк)

Уориктеги курулушка керектүү материалдар топтолуп, таңгакталган жер.

2015-жыл, 14-август. Такседо (Нью-Йорк)

Эки куруучу (оң жактан санаганда экинчи жана үчүнчү) жергиликтүү үй-бүлө менен тамактанып жатат. Курулушка келген айрым ыктыярдуу жардамчылар Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүндө жашашат.

2015-жыл, 17-август. Техникалык тейлөө/Бейтелдиктер үчүн автотурук

Жумушчу аймактын өйдө-ылдый жерлерин аныкташ үчүн атайын шайман менен карап жатат.

2015-жыл, 20-август. Кеңселер/Тейлөө кызматтары

Бейтелди көргөнү келгендер кире турган негизги кабылдаманын терезелери салынып бүттү.

2015-жыл, 26-август. Курулуш жүрүп жаткан жер

Майдан августка чейин B жатак үйүнүн дубалдары менен чатыры курулуп бүттү. Имараттарды бириктирген далистер орнотулуп бүтүп, бакчадагы иштер башталды.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?

Жахабанын Күбөлөрүн тааныйсыңарбы? Аларды канчалык жакшы билесиңер?