Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Уорик. Сүрөт галереясы 1 (2014-жыл, май — август)

Уорик. Сүрөт галереясы 1 (2014-жыл, май — август)

Жахабанын Күбөлөрү Уориктеги (Нью-Йорк) жаңы башкы башкармалыгынын имараттарын курууну улантууда. 2014-жылдын май — август айларынын ичинде курулуш тобу унаа оңдоочу жайда, административдик-чарбалык корпуста, C жана D жашоочу имараттарында укмуштуудай зор иштерди бүтүрүштү. Ушул сүрөт галереясында ошол убакыт аралыгында жүргүзүлгөн иштердин айрымдары көрсөтүлдү.

Уориктеги имараттардын сүрөтү. Сааттын жебеси боюнча, солдон оңго карай:

  1. Унаа оңдоочу жай

  2. Коноктор үчүн үстү жабык унаа токтоочу жай

  3. Устаканалар/Бейтелдиктер үчүн унаа токтоочу жай

  4. Жашоочу корпус B

  5. Жашоочу корпус D

  6. Жашоочу корпус C

  7. Жашоочу корпус A

  8. Административдик-чарбалык корпус

2014-жыл, 1-май. Уориктеги курулуш жүрүп жаткан жер

Түштүк-батыш тараптан түндүктү, Стерлинг-Форест (Көк көл) көлүн, караган тарабы. Алды жакта D корпусунун жер төлөсүнүн пайдубалы курулууда. Ал эми көлгө жакын жерде C корпусун куруу үчүн дубал калып орнотулууда.

2014-жыл, 14-май. Чогултма конструкцияларды куроо

Жашоочу бөлмөлөрдүн санкабинасы чогултулууда. Санкабина каркастан, даяр дубалдардан турат. Анда суу түтүктөр, ток өткөргүч зымдар өтө турган, желдеткич орнотула турган тешиктер жана ванна коюла турган оюкча бар. Санкабина имараттын ичине орнотулгандан кийин, жуунчу бөлмө толугу менен даяр болот.

2014-жыл, 22-май. Унаа оңдоочу жай

Цоколь кабатында сантехниктер иштеп жатат. Бул жер 500дөй киши тамактана турган убактылуу ашкана катары колдонулат. Дагы башка 300 киши имараттын башка жагында тамактанат. Курулуштун аягында ашкана башка жерге көчүрүлүп, бул корпус толугу менен унаа оңдоочу жай болот.

2014-жыл, 2-июнь. Унаа оңдоочу жай

Ыктыярдуу кызматчылар чатырды жашылдандыруу үчүн атайын даярдалган топуракты төгүүдө. Чатырды жашылдандыруу энергетикалык чыгымды азайтат жана чатырдан түшкөн агынды суулардын көлөмүнүн азайышына шарт түзөт, ошондой эле жаандын суусун булгоочу заттардан тазалап, чыпкалайт.

2014-жыл, 5-июнь. Административдик-чарбалык корпус

Бул корпус үч имараттан турат жана 42 000 квадрат метр аймакты ээлейт. Келишим боюнча иштеп жаткан жумушчулар түркүктөрдүн болот арматурадан жасалган каркасын бириктирип жатышат.

2014-жыл, 18-июнь. Унаа оңдоочу жай

Куруучулар пропан горелкасы менен чатырга битум төшөп жатышат. Алар тагынган коопсуздук куру кулап кетүүдөн сактайт.

2014-жыл, 24-июнь. Жашоочу корпус C

Даяр желдеткичтин түтүктөрүн, жылыткыч системасын, желдеткичти жана аба кондициалагычты орнотуп жатышат. Уорикте эмгектенген бир туугандардын 35тей пайызын эже-карындаштар түзөт.

2014-жыл, 11-июль. Монтгомери (Нью-Йорк)

Материалдарды сактоо жана конструкцияларды куроо үчүн колдонулган бул имарат 2014-жылдын февраль айында сатылып алынган. Имарат 20 000 квадрат метр аймакты ээлейт. Сүрөттүн оң тарабынын жогору жагындагы ак нерселер — жөнөтүлүүгө даяр болуп калган санкабиналар.

2014-жыл, 24-июль. Жашоочу корпус C

Түндүк-чыгыштан карагандагы көрүнүш. Бул корпус курулуп бүткөндө, ал жерде башкы башкармалыкта кызмат кылган 200дөй бир тууган жашайт. Бөлмөлөрдүн көбү 30—55 квадрат метр жана ашканасы, жуунчу бөлмөсү, чакан балкону бар.

2014-жыл, 25-июль. Устаканалар/Бейтелдиктер үчүн унаа токтоочу жай

Курулушка даярдык көрүлүүдө. Сүрөттүн сол тарабынын жогору жагында таш майдалагыч машине казылып алынган, кийин курулушта колдонула турган топуракты майдалоодо. Долбоордун аягына чейин Уориктен 260 000 куб метр топурак казылып алынат. Күн сайын курулушта орто эсеп менен 23төй самосвал иштейт.

2014-жыл, 30-июль. Унаа оңдоочу жай

Чатырды жашылдандыруу иши жүрүүдө.

2014-жыл, 8-август. Уориктеги курулуш жүрүп жаткан жер

Офис имараттарынын үстүнөн түштүк-батышты көздөй чоң крандын жебесинен караган тарабы. Сүрөттүн сол тарабынын ылдый жагында курулуп бүткөн коноктор үчүн үстү жабык унаа токтоочу жай турат. Ал жерге күн сайын куруучулар машинесин токтотот. Ыктыярдуу кызматчылардын айрымдары 3, 4 күнгө келишет. Алар бир тарабына эле 12 саат жол жүрүшөт.

2014-жыл, 13-август. Унаа оңдоочу жай

Убактылуу ашкана дээрлик даяр болуп калды. Маниторлор (азырынча орнотула элек), шыпка орнотулган колонкалар аркылуу куруучулар Кошмо Штаттардагы филиалда өткөрүлгөн таңкы сыйынууну жана башка рухий программаларды угуп, көрө алышат.

2014-жыл, 14-август. Административдик-чарбалык корпус

Биринчи кабаттын полуна бетон куюлууда. Оң жакта бир туугандардын бири аралашманы тыгыздоочу титиреткич менен аба көбүкчөлөрүн жок кылып, бетонду тыгыздап жатат.

2014-жыл, 14-август. Административдик-чарбалык корпус

Имараттын алдына ток өткөргүч зымдар үчүн түтүктөр жаткырылган. Жакында алардын үстүн жер төлөнүн плитасы менен жабышат.

2014-жыл, 14-август. Административдик-чарбалык корпус

Биринчи кабаттын полу дээрлик куюлуп бүттү. 540 квадрат метрди ээлеген бул аймак Уориктеги бетон куюла турган жерлердин эң чоңу болчу. Бетон завод Уориктин өзүндө жайгашкан. Бетонду 8 машине менен ташып, 2 насос менен беш жарым сааттай убакыттын ичинде куюп бүтүштү. Сүрөттүн ортосунда тепкич мунаралардын бири турат.

2014-жыл, 14-август. Жашоочу корпус C

Чатырдын тосмосу жасалууда. Аркасында A корпусунун пайдубалы куюлуп жатат.

2014-жыл, 15-август. Жашоочу корпус C

Даяр болгон санкабинаны 3-кабатка көтөрүп жатышат. Курулушта орун кенен болушу жана жумуш ылдам жүрүшү үчүн чогултма конструкциялар колдонулат.

2014-жыл, 20-август. Жашоочу корпус C

Келишим боюнча иштеп жаткан жумушчулар даяр жылуулук үнөмдөөчү бетон панелдерди орнотуп жатышат. Ал панелдер сырдалган, аларды тейлөө көп күч аракетти, көп каражатты талап кылбайт. Ошондой эле алар бат эле орнотулат, бул долбоордун өз убагында бүтүшүнө шарт түзөт.

2014-жыл, 31-август. Уориктеги курулуш жүрүп жаткан жер

Түштүк-батыш тарабынан карагандагы көрүнүш. Алды жакта D корпусунун кийинки кабатын куруу үчүн дубал калып орнотулуп жатат. Анын артында дубалы тургузулуп, чатыры жабылган C корпусунун имараты көрүнүп турат.