Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Уорикте Жахабанын Күбөлөрү менен кызматташкандар

Уорикте Жахабанын Күбөлөрү менен кызматташкандар

Уориктеги курулушта иштегендердин өз ыктыяры менен жан үрөп эмгектенгени көптөрдү таасирленткен. Мисалы, лифт орноткон ишкананын жетекчиси бир ишенимдешибизге: «Силер укмуш иштерди бүтүрөт экенсиңер. Көптөр убактысын аяп, эптеп эле иштешет»,— деген.

Ошол жетекчи жана башкалар Жахабанын Күбөлөрүнүн Уориктеги башкы башкармалыгын кургандардын көбүнүн, негизинен, өз ыктыяры менен келген жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү экенин билгенде алар дем алыш күндөрү эле иштейт болуш керек деп ойлошкон. Айрымдарынын курулушка катышыш үчүн өлкөнүн булуң-бурчунан жумушун таштап, бир нече айга, атүгүл бир нече жылга келишкенин укканда аябай таң калышкан.

2015-жылдын аягына чейин Кошмо Штаттардагы филиалда кызмат кылгандар менен бирге 23 000дей ыктыярдуу куруучу эмгектенди. Курулуш өз убагында бүтүшү үчүн, булардан сырткары Жахабанын Күбөсү болбогон 750дөй киши иштеди. Жахабанын Күбөлөрү менен ийиндеш туруп иштегени ошол адистердин көбүнө жакшы таасир эткен.

Жыргап-куунап иштешти

Терезелерди, дубалдарды салган бир ишкананын жетекчиси: «Ишканабыздын адистери ушундай сонун маанай чагылдырганыңарга таң калып бүтпөй жатышат. Биз мына ушун үчүн силер менен иштешкибиз келет»,— деп жазган.

Дагы бир ишкананын адистери жатак үйлөрдүн дубалдарын тургузууга чакырылган. Келишим мөөнөтү аяктаса деле, ошол ишкананын үч адиси андан ары иштей беришкен. Алар жумушунан чыгып, Уорикте дагы эле иштеп жаткан башка ишканага жалданып, калып калышкан.

Ошол жерде эмгектенгендер Жахабанын Күбөлөрүнүн жакшы сапаттарына да суктанышкан. Пайдубал куйган ишканадан келген бир киши Уорикте бир нече ай иштегенден кийин аябай өзгөргөн. Аялы анын кулк-мүнөзүнүн жакшырганын, үйдөн сөгүнбөй калганын байкаган. Ал: «Күйөөм такыр башка киши болуп калды!» — деп сүйүнгөн.

«Кыз-келиндери да жумушка чыгышат экен!»

Курулушта эркектер менен чогуу көптөгөн кыз-келиндер иштешти. Алар автобус айдагандан, бөлмөлөрдү жыйнагандан, катчылык ишти аткаргандан сырткары, машинелерди багыттап, чоң шаймандарды башкарып, талчалуу оптикалык чубалгыларды туташтырып, түтүктөрдү ороп, орнотуп, дубалдарды тургузуп, сырдап, бетон куюп иштешкен. Кыскасы, баш көтөрбөй эмгектенишкен.

Чатыр жаап иштеген бир киши автобустан түшкөн жубайлардын кол кармашып баратканын көргөндө, жүрөгү жылый түшкөн. Ал кыз-келиндердин эркектер менен эле тең иштеп жатканына да таң калган. «Бир караганда, аялдар жөн эле күйөөлөрүн ээрчип келгендей көрүнөт. Бирок иштегендерин көрсөң, оозуңду ачасың. Мен Нью-Йоркто далай курулушка катыштым, мындайды эзели көргөн эмесмин»,— деген ал.

2014, 2015-жылдардын кыш айларында бөтөнчө суук болду. Ызгаардуу суукта жылуу үйдө эле отургуң келет. Курулушту көзөмөлдөгөндөр менен кызматташкан Жереми деген Жахабанын Күбөсү: «Пайдубал куйган ишкананын жетекчиси катуу суук болгон күнү бизден: „Эртең кыз-келиндериңер жумушка чыгышабы?“ — деп сурады»,— деп эскерет.

«Ооба»,— деп жооп берген Жереми.

— Сыртта машинелерди багыттаган кыздарыңар да иштешеби?

— Ооба.

Жереми сөзүн мындай деп улайт: «Тиги жетекчи жумушчуларына: „Эртең жумушка чыккыла! Анткени алардын кыз-келиндери да жумушка чыгышат экен!“ — деп айтыптыр».

Автобус айдагандар Жахабанын Күбөлөрүн ташыганды жакшы көрүп калышкан

Куруучуларды Уорикке алып келип, кайра үйлөрүнө алып барганга 35тен ашуун шопур жалданган.

Бир жолу жолго чыгардын астында жүргүнчүлөрдүн алдына туруп, бир шопур мындай деген: «Силерди ары-бери ташый эле бергим келет. Жетекчиме мени башка жакка которбосун деп жазгылачы. Силерден Ыйык Китеп жөнүндө көп нерселерди билдим. Буга чейин Кудайдын ысмын, жердин жакында бейишке айланарын билчү эмесмин. Өлүмдөн коркпой калдым. Мындай кызыктуу күндөр жашоомдо биринчи жолу болуп жатат. Буйруса, Падышалык залыңарга дем алыш күнү барам».

Уорикте иштеген Дамиана деген Жахабанын Күбөсү мындай дейт: «Баарыбыз автобуска отургандан кийин, шопур бизге айта турган сөзү бар экенин айтты. Ал: „Мен Нью-Йорктун ар кайсы жеринен курулушка 4 000 Жахабанын Күбөсүн ташыйм. Ар бир эле адамдын кыялы болот эмеспи. Бирок силер ар башка болгонуңарга карабай ынтымактуу экенсиңер. Ушунуңар мага аябай жакты. Силер менен сүйлөшкүм эле келе берет“,— деди.

Анан арабыздан бирөө: „Сизге ырдаганыбыз жагабы?“ — деп сурады.

Ал күлүп: „Ооба, жагат. 134-ырдан * баштайлыбы?“ — деди».

^ 22-абз. «Жахабаны даңктап ырдагыла» деген ыр китептеги 134-ыр «Жаңы дүйнөдө сен да бол» деп аталат. Ал — адамдардын Бейиште кубанычка бөлөнүп жашаары жөнүндөгү ыр.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Бейтел деген эмне?

Бейтел — маанилүү максаты бар өзгөчө жер. Ал жакта кызмат кылгандар жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн бул бөлүмдү окуп көргүлө.

Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?

Жахабанын Күбөлөрүн тааныйсыңарбы? Аларды канчалык жакшы билесиңер?