Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Миллион Жахабанын Күбөсү колдонгон Падышалык залдары

Миллион Жахабанын Күбөсү колдонгон Падышалык залдары

1999-жылдан 2015-жылга чейин Жахабанын Күбөлөрү Борбордук Америка * менен Мексикада 5 000ден ашык Падышалык залын курушкан. Бул чөлкөмдөгү бир миллион Жахабанын Күбөсүнө жана жыйналыштарыбызга келген конокторго орун жетиштүү болуш үчүн, дагы 700дөн ашык Падышалык залы курулушу керек.

Мурун бул жерлерде сыйынуу жайларын куруу кыйын болчу. Ошондуктан Мексикадагы Жахабанын Күбөлөрү жыйналыштарын үйлөрүндө өткөрүшчү. Эмне үчүн? Себеби көп жылдар бою мыйзамда диний уюмдарга жер сатып алууга тыюу салынып келген. 1990-жылдары мыйзам өзгөрүп, Жахабанын Күбөлөрү Падышалык залдарын кура башташкан. Ар бир залды курууга бир нече ай кетчү.

Иштин илгерилеши

1999-жылы Падышалык залдарын куруу топтору түзүлгөндөн тартып ресурстары чектелүү өлкөлөрдө, анын ичинде Мексикада жана Борбордук Америкага кирген жети өлкөдө, залдарды куруу иши тезирээк жүрө баштаган. 2010-жылдан бери ушул аймакта жүргүзүлгөн куруу ишине Мексикадагы филиал көзөмөл кылат.

Курулуш кызматчылары алыскы аймактарда Падышалык залдарын курууда көп кыйынчылыктарга туш болушат. Мисалы, Панамада курулуш жүрүп жаткан жерге алар кайык менен 3 саат дегенде жетишет. Ал эми Мексиканын Чьяпас штатындагы залды куруш үчүн курулуш материалдарын кичинекей учак менен жеткирүүгө туура келген.

Падышалык залдарын куруунун пайдасы

Жахабанын Күбөсү болбогондор да алар жашаган аймакта Падышалык залы курулса экен дешет. Алсак, Гондурастагы бир киши Падышалык залы курула турган жерге мурунураак бирөөлөрдүн түнкү клуб кургусу келгенин айткан. Бирок ал ошол жерге түнкү клуб курулушун каалабаптыр. Жахабанын Күбөлөрү ал жерге Падышалык залын курганы жатканын айтышканда, ал: «Ырас болбодубу!» — деп сүйүнүп кеткен.

Көптөргө курулуштагы кызматчылардын ынталуу иштеп жатканы абдан жагат. Гватемаладагы бир киши мындай деген: «Бизде, негизи, аялдар тамак жасап, ашканадан чыкпашы керек. Алардын жумушу — ошол. Бул жердеги аялдар болсо эркектерден кем калбай иштешет экен. Алардын темир ширетип, дубал шыбап жүрүшкөнүн көрүп таң кылдым. Аябай баа бердим». Куруучуларга деп тамак-ашын, суусундугун көтөрүп келген кошуналар да болгон.

Көптөр Падышалык залдарыбыздын кооздугуна кызыгышат. Никарагуадагы бир инженер шаардын мэрине: «Жахабанын Күбөлөрү сапаттуу материалдардан сонун Падышалык залын куруп алышыптыр»,— деген. Ал шаарда бир да имарат ошол залга тең келбейт деген ойду айткысы келген.

Ооба, Жахабанын Күбөлөрү өздөрү да сыйынуу жайларынын ыңгайлуу болушун каалашат. Алар Падышалык залдары курулгандан кийин жыйналыштарга көбүрөөк адамдар келе баштаганын байкашкан. Мексикадагы бир залды курууга катышкан Жахабанын Күбөлөрү: «Жахабага анын ысмына даңк алып келген Падышалык залын курууга катышып калганыбызга абдан ыраазыбыз»,— дешкен.

^ 2-абз. Бир сөздүккө ылайык, Борбордук Америкага Гватемала, Эль-Сальвадор, Гондурас, Никарагуа, Коста-Рика, Панама жана Белиз деген өлкөлөр кирет («Merriam-Webster’s Collegiate Dictionary, 11th Edition»).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?

Жолугушуулардын кантип өткөрүлөрүн көрүңүз.

Падышалык залдары эмне үчүн жана кандайча курулат?

Жыйналыш өткөрүлгөн жерлер эмне үчүн Падышалык залдары деп аталат? Падышалык залдары жыйналыштарыбызга кандай пайдасын тийгизип жатканы тууралуу окуп көргүлө.