Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Нигерияда 3000 Падышалык залы курулуп бүттү

Нигерияда 3000 Падышалык залы курулуп бүттү

2014-жылдын 1-мартында, ишемби күнү 823 Жахабанын Күбөсү Бениндеги жыйындар залында Нигериядагы маанилүү күндү белгилөө үчүн чогулду. 1999-жылы ресурстары чектелүү өлкөлөрдө Падышалык залдарын куруу программасы ишке киргенден тартып, ал өлкөдө Жахабанын Күбөлөрү 3 000 Падышалык залын курушту.

Мурун

Жолугушууда 1920-жылдан бери Нигериядагы жыйналыштар кандай жерлерде өткөрүлүп келгени жөнүндө кыскача айтылды. Башында жыйналыш жолугушуулары үйлөрдө жана ижарага алынган жерлерде өткөрүлчү. Алгачкы отчётко ылайык, Нигериядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары гана өткөрүлгөн имарат 1935-жылдары Илеша шаарында курулган. 1938—1990-жылдары жыйналыштардын саны дээрлик 200 эсе көбөйгөн. Тактап айтканда, мурун 14 болсо, кийин 2 681ге жеткен. Ошо себептен жолугушуу өткөрө турган жай табуу кыйынга туруп калган. Өлкөнүн айрым жерлеринде бир Падышалык залында 6 жыйналыш өткөрүлчү. Ал эми башка жактарында Падышалык залына келгендер абдан көп болуп, орун жетпегендиктен, айрымдар жыйналышта айтылгандарды эшикте туруп, терезеден угушчу. Атүгүл азыркыга чейин көп жыйналыштар үйлөрдө жана мектептерде өткөрүлүп келет.

Азыр

1990-жылдан тарта Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалы Падышалык залдарын куруу фондунан ссуда алып, курулуш ишин колдой баштаган. 1997-жылы болсо Региондук курулуш комитеттери 105 жыйналышка Падышалык залын курууга же оңдоп-түзөөгө жардам берген. 1997—1999-жылдары 13 зал курулган. Ар бир зал 7—15 күндүн ичинде бүткөн.

Курулуш ушундай ылдамдыкта жүргүзүлсө да, Нигериядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн саны тездик менен өскөндүктөн, Падышалык залдарына болгон муктаждык да көбөйгөн. Филиалдын 1998-жылдын апрель айындагы эсептөөсүнө ылайык, өлкөгө дагы 1 114 Падышалык залын куруу талап кылынган.

Бенин шаарында өткөн өзгөчө аземде сөз сүйлөп жатып Нигериядагы филиалдын комитетинин мүчөсү Дон Трост мындай деди: «Бул оңой-олтоң иштерден болгон жок. Биз: „Булардын баарын кантип бүтөбүз?“ — деп түпөйүлдөнгөнбүз». Бирок 1999-жылдан тартып ал бир туугандардын ойлогон ою ишке аша баштаган. Падышалык залдарын куруу топторунан 6—8 куруучу өлкөдөгү жыйналыштарга жардам берген. Падышалык залдарынын долбоору жөнөкөй болгондуктан, акыркы 14 жылдын ичинде ай сайын орто эсеп менен 17 зал курулуп турган.

Дон Трост кандай жетишкендиктер болгонун айтып, бир туугандарды мактагандан кийин алдыда дагы көп иштер кылынышы керектигин баса белгиледи. 2013-жылдын ичинде Нигериядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн саны орточо эсеп менен 8 000ге көбөйгөн. Дон бир тууган: «Келечекте дагы ушундай өсүш боло турган болсо, жыл сайын 100 Падышалык залы курулушу керек болот»,— деген. 2013-жылы Нигериядагы 5 700дөн ашуун жыйналышта кызмат кылган жарчылардын жогорку саны 351 000ге жеткен.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Падышалык залдары эмне үчүн жана кандайча курулат?

Жыйналыш өткөрүлгөн жерлер эмне үчүн Падышалык залдары деп аталат? Падышалык залдары жыйналыштарыбызга кандай пайдасын тийгизип жатканы тууралуу окуп көргүлө.

Эмне үчүн силердин чогулган жериңер «Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залы» деп аталат?

«Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залы» деген аталыштын эмнеге негизделерин окуп көрүңүз.