Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрү Ростов-на-Дону шаарын көрктөндүрүүгө жардам беришти

Жахабанын Күбөлөрү Ростов-на-Дону шаарын көрктөндүрүүгө жардам беришти

Орусиянын түштүгүндөгү ири шаарлардын бири болгон Ростов-на-Дону шаар өкмөтүнүн жетекчиси 2015-жылдын 20-майында Жахабанын Күбөлөрүнө ыраазычылык катын тапшырган. Катта ал жаз мезгилиндеги шаарды тазалоо жана көрктөндүрүү ишине жигердүү катышканы үчүн Жахабанын Күбөлөрүн мактаган.

Шаарды көрктөндүрүү ишине Жахабанын Күбөлөрүнүн төрт жыйналышы катышып, эл баскан жолдордогу, дарыянын боюндагы таштандыларды тазалашкан. Бир нече сааттын ичинде эле алар 300 таштанды челекти толтуруп коюшкан. Кийинчерээк жүк ташуучу машинелер келип, таштандыларды алып кеткен.

Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн коомдук иштерге жигердүү катышышат? 67 жаштагы Раиса мындай дейт: «Мен кайдыгер карап тура албайм. Шаардын таза болушун, тургундарга жагымдуу болушун каалайм. Биздин чоң жумуш бүтүргөнүбүздү бир нече эле киши билсе да, мага тазалоо ишине катышуу зор канааттануу тартуулады. Адамдар көрбөсө да, Жахаба Кудай баарын көрүп турат». Ал эми Александр: «Биз жакшы кабар эле жарыялабастан, коомго пайда алып келген башка иштерди да кылабыз. Кошуна-колоңдоруңа жакшылык кылгандан өтөр эмне бар?!» — деп ой бөлүшөт.

Жахабанын Күбөлөрүнүн жан-дилден иштегенин көргөндөр да ыраазычылык билдиришкен. Жахабанын Күбөлөрү эмгеги үчүн акы албаганын билгенде бир киши аябай таң калган. Ал аларга кошулуп иштөөнү чечкен. Анан: «Тазалоо ишинин ушунчалык жагымдуу экенин, канааттануу тартуулаарын билбептирмин. Айрымдарыңар бул жерде жашабасаңар да, тазалаганга катыштыңар»,— деген.

Шаар өкмөтүнүн бир өкүлү Жахабанын Күбөлөрүнөн турган чакан топтун аябай көп таштанды чогултканын байкаган. Ал аларды таштандыга толгон челектердин жанына тургузуп сүрөткө тартып алган. Анан: «Бул сүрөттү башкаларга көрсөтүп, мына, ушинтип иштеш керек деп айтам»,— деген.

Көбүрөөк билиңиз

ЖАХАБА КУДАЙДЫН ЭРКИН КИМДЕР АТКАРЫП ЖАТАТ?

Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?

Жахабанын Күбөлөрүн тааныйсыңарбы? Аларды канчалык жакшы билесиңер?

ОЙГОНГУЛА!

Тазалык жөнүндө Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Миллиондогон кишилерге тазалыкты сактап, чың ден соолукта болууга жардам берген Ыйык Китептеги кеңештерди окуп көргүлө.