Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

JW.ORG — адамды жакшы жакка өзгөрткөн сайт

JW.ORG — адамды жакшы жакка өзгөрткөн сайт

Дүйнө жүзүндөгү адамдар jw.org сайтынан пайда алып жатышат. Төмөндө 2014-жылдын май айында Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгына жөнөтүлгөн ыраазычылык каттардан үзүндүлөр келтирилди.

Балдарга тийгизген пайдасы

«Уулубуз наристелерди окуткан атайын мектепте окуйт. Ал досторунун калем саптарын, оюнчуктарын, ал тургай күндөн коргоочу көз айнектерин үйгө көтөрүп келе берчү. Биз ага андай кылганы уурулукка жатарын, ал эми уурулук Кудайга жакпай турганын көп жолу түшүндүрдүк. Бирок анысын койдура албай жүргөнбүз. Анан эле jw.org сайтына „Уурдаган Кудайга жакпайт“ деген мультфильм чыгып калды. Биз аны жүктөп алып, уулубузга көрсөттүк. Мультфильм ага аябай таасир этти, уулубузга так ошондой нерсе керек болуп жаткан. Аны көргөндөн кийин ал уурдаган Кудайга жакпай турганын түшүнүп, алган буюм-тайымдарын кайра ээлерине алып барып берерин айтты. Веб-сайт бизге чынында эле зор пайдасын тийгизип жатат» (Д. Н. Африка).

«„Уурдаган Кудайга жакпайт“ деген мультфильм ага аябай таасир этти, уулубузга так ошондой нерсе керек болуп жаткан»

«Балдарым веб-сайтыбызды аябай жакшы көрөт. Алар сайттагы алдабоо жана уурдабоо жөнүндөгү Ыйык Китептеги принциптерди жакшыраак түшүнүүгө жардам берген кыска мультфильмдерди жүктөп алышкан. Аларды көргөнүнүн аркасында өмүр бою пайдалуу боло турган жана жакшы адамдардан болуп чоңоюуга көмөк кылган сапаттарды өрчүтүүгө да үйрөнүп жатышат» (О. В. Вест-Индия).

Мектепте окугандарга тийгизген пайдасы

«Мен мектепти оор жүктөй көрчүмүн, ошондуктан таштап салсамбы деп ойлоно берчүмүн. Бирок бир күнү jw.org сайтынан „Мектепти таштаганым туурабы?“ деген макаланы окуп калдым. Ал мага мектепте окугандын жакшы жактарын көргөнгө жардам берди. Ошол макаланы окугандан кийин мектеп мени келечекке даярдай турганын жана жоопкерчиликтүү адам болуп чоңойгонго көмөк кыларын түшүндүм» (Н. Ф. Африка).

«Бул веб-сайттагы өспүрүмдөргө берилген кеңештер мага мектепте өзүмдү адептүү алып жүрүүгө жардам берет»

«Бул веб-сайттагы өспүрүмдөргө берилген кеңештер мага мектепте өзүмдү адептүү алып жүрүүгө жардам берет. Андагы макалалардан сабак учурунда башка нерселерге алаксыбай, көңүл топтогонду үйрөндүм» (Ж. Африка).

«Мени менен чогуу иштеген бир келин кызына мектептеги кыздардын, өзгөчө, бир кыздын көп кордук көрсөтөрүн айтып калды. Анын кызы ушунчалык коркуп калгандыктан бир нече күндөн бери сабакка барбай жүрүптүр. Мен ага биздин сайттагы „Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур“ деген видеодогу айрым ойлордон айтып бердим. Ага андай жагдайдан тамашага салып чыгып кетсе болот деген кеңеш аябай жагып калды. Ал үйүнө барганда кызына мектептеги кордукка кантип туруштук берсе болору жөнүндө айтып бериптир. Ал мага кызынын ошонун аркасында мектепте өзүн ишенимдүүрөөк сезип калганын айтып берди. Убакыттын өтүшү менен жагдай жакшырып, баягы кордук көрсөтүп жүргөн кыз анын кызы менен дос болуп калыптыр» (В. К. Чыгыш Европа).

Өспүрүмдөргө тийгизген пайдасы

«Веб-сайттагы „Эмне үчүн ар жеримди кескилеп, өзүмө зыян келтире берем“ деген макала үчүн чоң рахмат! Мен мындай көйгөй менен көптөн бери күрөшүп жүргөм. Бул көйгөй менен жалгыз эле мен күрөшүп жатат болушум керек, башкаларга айтсам, алар мени түшүнбөйт го деп ойлочумун. Макалада айтылгандар мага чоң жардам берди. Көрсө, мени түшүнгөн адамдар бар турбайбы!» (Австралияда жашаган жаш кыз).

«Макалада айтылгандар мага чоң жардам берди. Көрсө, мени түшүнгөн адамдар бар турбайбы!»

«Жаштар кабылып жаткан кыйынчылыктарды кантип чечсе болорун билүүгө мага jw.org сайты жардам берет. Мага, өзгөчө, жыныстык асылуунун түрлөрүн кантип аныктаса болору жөнүндөгү макала аябай жакты. Аны окугандан кийин өзүмдүн да ошондой нерсеге дуушар болуп жатканымды түшүндүм, ошондой эле ал макаладан андайда эмне кылса болоруна байланыштуу жакшы кеңештерди таптым» (Т. В. Вест-Индия).

Ата-энелерге тийгизген пайдасы

«Өспүрүм курактагы уулум аябай тентек, такыр жаны тынбайт. Тез-тез эле өзгөрүп турганынан, туруп-туруп эле бир нерселерди кылып салганынан улам чыдабай кетчүмүн. Ошонун айынан экөөбүз жөн сүйлөшө алчу эмеспиз. Бир жолу jw.org сайтынан жубайлар менен ата-энелерге арналган бөлүккө кирип калдым. Ал жерде менин жагдайыма ылайыктуу көп макалалар бар экен. Алар мага уулум менен жакшы пикир алмашканга жардам берди. Сайт уулума да пайдасын тийгизип жатат. Азыр ал мага оюндагысын ачык айтып, мени менен кубанычын да, тынчсыздандырган нерселерин да бөлүшүп калды» (К. Б. Африка).

«jw.org сайтына балдар кабылып жаткан кыйынчылыктар менен кантип күрөшсө болоруна байланыштуу макалалар өз убагында чыгат»

«jw.org сайтындагы маалыматтар бизге балдарыбызга жагымдуу болгудай кылып тарбия берүүгө жардам берүүдө. Мисалы, чыныгы досторду кантип тапса болору көрсөтүлгөн анимация түрүндөгү видео балдарыбызга чыныгы досторду аныктаганга жана жакшы таасир эткен досторду тандаганга көмөк кылды. jw.org сайтына балдар кабылып жаткан кыйынчылыктар менен кантип күрөшсө болоруна байланыштуу макалалар дайыма өз убагында чыгат. Веб-сайтты даанышман кеңештердин түгөнгүс булагы десе болот» (Е. Л. Европа).

Жубайларга тийгизген пайдасы

«Жубайым экөөбүздүн баш кошконубузга алты жыл болуп калды. Башка жубайлардай эле, пикирлешкен жагынан экөөбүз эки башка болгондуктан жана тек-жайыбыз, көз караштарыбыз бири-бирибиздикинен айырмалангандыктан, келишпестиктер көп болчу. Бир жолу jw.org сайтынан „Кунт коюп угуш үчүн эмне кылыш керек?“ деген макала көзүмө урунуп калды. Анда кунт коюп укканга үйрөнүш үчүн эмне кылыш керектигине байланыштуу пайдалуу кеңештер берилиптир. Макаланы окугандан кийин андагы ойлорду жубайыма айтып бердим. Ошол кеңештерди экөөбүз тең колдонуп жатабыз» (Б. Б. Вест-Индия).

«Никемди сактап калганга дал ушул силердин сайтыңар жардам берди»

«Мен Жахабанын Күбөлөрү менен былтыртадан бери таанышмын. Силерге jw.org веб-сайты үчүн чоң ыраазычылык билдиргим келет. Бул сайттан мен көп нерселерди, мисалы, ачуумду кантип тыйсам болорун, жакшы күйөө жана жакшы ата болуш үчүн эмне кылышым керектигин билдим. Чынын айтканда, никемди сактап калганга дал ушул силердин сайтыңар жардам берди» (Л. Ж. Вест-Индия).

Кулагы укпагандарга тийгизген пайдасы

«jw.org веб-сайты мени кайрадан жандандырды десем болот. Америка жаңдоо тилиндеги видеолорду көрүүнүн аркасында жаңдоо тилинде жакшыраак сүйлөп калдым. Мен жашоодо бир нерсеге умтулуп, максат коюп жашагандын эч кандай пайдасы жок деп ойлочумун. Бирок „Кудайдын Сөзүн өз тилимде көрүп жатам“ деген видеону көргөндөн кийин жүрөгүм кадимкидей жылып, жашоонун жакшы жактарына көңүл топтогонго түрткү алдым» (Ж. Н. Африка).

«jw.org веб-сайты мени кайрадан жандандырды десем болот»

«Бул сайтты табылгыс бермет десе болот. Мен кулагы укпагандарга, өзгөчө, жаштарга өз ыктыярым менен жардам берип иштейм. Сайтка чыккан жаңдоо тилиндеги ар түрдүү материалдарды көрүүнүн аркасында жаңдоо тилинде жакшыраак сүйлөп калдым. Ошондой эле сайт үй-бүлөдөгү мамилени жана достук мамилени жакшырткысы келгендерге жардам берүүгө жакшы шарт түзүп жатат» (К. Ж. Вест-Индия).

Көзү көрбөгөндөргө тийгизген пайдасы

«Менин көзүм көрбөйт. Бирок jw.org сайты мага чоң жардам берип жатат. Мага почта аркылуу бир нече айдан кийин гана келе турган маалыматты бул сайт аркылуу дароо эле ала алам. Сайт менин үй-бүлөлүк жашоомду байытып, мага өзүмдү коомго керектүү инсан катары сезүүгө жардам берип келет. Андагы маалыматтарды көзү көргөн досторум менен бир убакта эле ала алам» (К. А. Түштүк Америка).

«Сайт менин үй-бүлөлүк жашоомду байытып, мага өзүмдү коомго керектүү инсан катары сезүүгө жардам берип келет»

«Брайл арибинде окуй албаган же Брайл арибинде жазылган китептерди сатып алууга каражаты жетпегендер үчүн jw.org сайтын баа жеткис кенч деп айтса болот. Ал сайттагы акыл-насааттарды камтыган аудиожаздыруулар азиз адамдарга маалыматтан артта калбаганга жардам берет. Сайт бардык адамдарга арналган, эч ким унутта калган эмес. Ошондой эле бул сайт азиздерге өзүн керектүү, коомдун толук кандуу мүчөсүндөй сезүүгө жардам берет» (Р. Д. Африка).

Кудайдын сөзүнө суусагандарга тийгизген пайдасы

«Силердин веб-сайтыңарда, башка диний веб-сайттардан айырмаланып, диний жетекчилер эле түшүнгөн татаал сөздөр менен сөз айкаштары колдонулбайт. Ошондой эле маалымат кыска-нуска берилет. Сайтыңарда макалалар жөнөкөй жана ачык-айкын жазылат. Татаал сөздөрдү же философияны кездештирбейсиң. Кудайга болгон ишеним аябай татаал нерседей эмес, карапайым кишилер да өрчүтө алган сапат катары көрсөтүлөт» (А. Ж. Азия).

«Сайтыңарда маалымат жөнөкөй жана ачык-айкын жазылат... Кудайга болгон ишеним аябай татаал нерседей эмес, карапайым кишилер да өрчүтө алган сапат катары көрсөтүлөт»

«jw.org сайты болбогондо менин жашоом маңыздуу болмок эмес. Чылк караңгылык каптаган азыркы дүйнөдө бул сайт мен үчүн күйүп турган шамчырак сыяктуу. Бул сайттан Кудайдын кайсы бир маселеге болгон көз карашын, жашоодогу маанилүү суроолордун жообун дароо эле таап, окуй алам жана аудиожаздырууларын уга алам» (Ж. С. Вест-Индия).

«Түштүк Американын чытырман токоюнда жашасам да, Кудай жөнүндөгү билимдин мен жашаган жерге чейин жеткирилип жатканына абдан ыраазымын. Бул сайт болбосо, мен бактысыз болмокмун» (М. Ф. Түштүк Америка).