Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Жахабанын Күбөлөрү камакка алынгандарга жардам көрсөткөнү үчүн сыйланды

Жахабанын Күбөлөрү камакка алынгандарга жардам көрсөткөнү үчүн сыйланды

Австралиядагы иммигранттарды камакка алуу боюнча эң ири борборлордун бири 9 Жахабанын Күбөсүн грамота менен сыйлады. Австралиянын батышындагы Дербе шаарынын жанында жайгашкан иммигранттарды убактылуу камакка алуу боюнча Кёртэн атындагы борбор * тарабынан тапшырылган ал грамота аларга камактагыларга «өзгөчө жардам» көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык иретинде берилди.

Жахабанын Күбөлөрү андай жайларга жума сайын барып, камакка алынгандардын башынан өткөндөрдү сурап, Ыйык Китепте камтылган жубатарлык жана үмүт берерлик кабар менен бөлүшүшөт. «Алардын келгени камактагыларга кандай таасир этип жатканы дароо эле байкалат»,— дейт ошол борбордун диний маселелерге жана маданият тармагына жооп берген кызматкери Кристофер Риддок. Ошондой эле, ал белгилегендей, Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшкөндөн кийин иммигранттар «алардын жыргалчылыгына чындап кызыкдар болгон адамдар бар экенин билгендиктен» көңүлү көтөрүлүп, кубанып калышат.

Кристофер Риддок Жахабанын Күбөлөрүнө тапшырылган грамота алардын «көзөмөлү алдындагы адамдардын жашоосун жакшыртып» жатканына аз болсо да ыраазычылык билдирүү максатында берилгенин айткан. Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрүнүн ошондой адамдардан болушуна «үй-бүлөсүнүн, жыйналышынын жана ишениминин» салымы чоң экенин белгилеген.

^ 2-абз. Бул борбордун имараты 1 500дөй кишиге ылайыкташтырылган.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жахабанын Күбөлөрү деген кимдер?

Жахабанын Күбөлөрүн тааныйсыңарбы? Аларды канчалык жакшы билесиңер?

Жан дүйнөсү кыйналгандарга Кудай же Ыйык Китеп жардам бере алабы?

Кудайды таанып-билүү сиздин азыркы жана келечектеги жашооңузга кандай таасир этерин окуп көрүңүз.