Торонтодогу китеп жарманкесинде JW.ORG сайты жарнамаланды
Метро Торонто Конвенция Борборунда 2014-жылдын 13-ноябрынан 16-ноябрына чейин Торонто эл аралык китеп жарманкеси өткөрүлгөн. Анда басып чыгарылган жана электрондук түрдөгү китептер көрсөтүлгөн. Төрт күндүн ичинде жарманкеге 20 000ден ашуун киши барган.
Жарманкеге катышкандардын арасында Жахабанын Күбөлөрү да болгон. Алар элдин көңүлүн өзүнө тарткан чатыр тигип, келгендерге маалымат берип турушкан. Планшеттер коюлган үстөлдөрдө jw.org сайтын кантип колдонуу керектиги көрсөтүлгөн.
Жарманкени уюштургандардын бири: «Веб-сайтыңар замандын талабына ылайык келет экен. Жарманкеге катышкандар силерден үлгү алышы керек деп ойлойм»,— деген. Ал эми келип-кеткен эл сайтыбыздын жогорку деңгээлде жасалганын, колдонгонго оңой экенин жана андан жашоодогу маанилүү суроолорго жооп алса болорун айткан. Ошондой эле сайттын көптөргө көйгөйлөрү, кыйынчылыктары менен күрөшүүгө жардам берип жатканына абдан таасирленген.
Жахабанын Күбөлөрү чатырга келип-кеткендердин суроолоруна жооп берип жатып көптөрдүн жарманкеге келгенге чейин jw.org сайты жөнүндө укпаганын билишкен. Келгендердин дээрлик баары байланыш карточкасынан же «Маанилүү суроолордун жообун кайдан тапса болот?» деген баракчадан алып кетишкен. Сайтты дагы бир жолу көргүсү келгендер да арбын болгон. Айрымдар болсо Жахабанын Күбөлөрүнүн келип кетишин суранышкан.
Жарманкеде жума күн «Балдардын күнү» деп аталгандыктан, Жахабанын Күбөлөрү ошол күнү jw.org сайтындагы өспүрүмдөргө арналган видеолорду көрсөтүшкөн. Окуучулар мугалимдери менен келип, ал видеолорду көрүп кетишкен.
Ыйык Китеп чыгарган бир басмаканада иштеген чикаголук бир киши Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунун» сапаттуу басылганын айтып, жогору баа берген. Ал китепти басып чыгаргандар менен байланышкысы келерин билдиргенде, Жахабанын Күбөлөрү ага байланыш карточкасын беришкен.
Келгендер 700дөн ашуун тилде маалымат камтылган сайтыбыздан 16 тилде: амхар, бенгал, кытай, англис, француз, грек, гужарати, хинди, корей, португал, испан, швед, тамил, тигринья, урду жана вьетнам тилдеринде маалымат ала алышкан.
Чатырга кеткендерди кабыл алган Жахабанын Күбөлөрүнүн бири башкаларга веб-сайт жөнүндө айтып коюу башка экенин, ал эми көрсөтүп берүү таптакыр башка экенин байкаган. Ал: «Сайтыбызды жарнамалоого бизде сонун мүмкүнчүлүк болду»,— деген.