Мазмунун көрсөтүү

165 000ден ашуун көчмө текче

165 000ден ашуун көчмө текче

Үймө-үй кабар айтканы менен белгилүү болгон Жахабанын Күбөлөрү учурда эл көп өткөн жерлерде көңүлдү өзүнө тарткан дөңгөлөктүү адабият текчелерин колдонуп кабар айтууда.

Акыркы маалда кабар айтуунун мындай түрүнө көбүрөөк басым жасалууда. 2011-жылдын ноябрынан тартып Нью-Йорк шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн чакан тобу Ыйык Китептеги кабарды таратуу үчүн адабият үстөлдөрүн жана текчелерин колдоно башташкан. Бул аябай ийгиликтүү болгондуктан, көп өтпөй эле ушундай ыкма башка шаарларда да ишке киргизилген.

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына жөнөтүлгөн адабият текчелеринин саны 2015-жылдын март айында 165 390го жеткен. Миңдеген адабият күркөлөрү, үстөлдөрү жана дөңгөлөктүү текчелер да жиберилген.

Үймө-үй кабар айтуу азыр деле Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китептеги чындыкты жарыялоодогу негизги ыкмасы болуп саналат. Ошол эле учурда көчмө текче менен кабар айтуу да жакшы натыйжа берүүдө. Келгиле, айрым мисалдарга токтололу:

Перуда жашаган Раул көчмө текченин жанына келип, Жахабанын Күбөлөрүнө: «Силерди үч жылдан бери издеп, таппай жүргөм. Текчеңерди көргөндө сүйүнүп кетип Кудайга ыраазычылык билдирдим!» — деген.

Ал жашаган жергеге Жахабанын Күбөлөрү бат-баттан барып турчу, бирок Раул күндүз да, дем алыш күндөрү да үйүндө болбогондуктан аларга жолукчу эмес. Ал мурун Ыйык Китепти Жахабанын Күбөлөрү менен изилдегенин жана изилдөөсүн уланткысы келерин айткан. Бир туугандар аны менен изилдөө өткөрүлүшүнө кам көрүшкөн.

Болгариялык бир түгөйлөр көчмө текченин жанынан өтүп баратып «Үй-бүлөлүк бакыттын сыры» деген китепти ала кетишкен. Кийинки жумада кайра ошол жерге келип, «Ыйык китептик аңгемелер», «Улуу Окутуучудан үйрөн» деген китептерди алышкан. Текченин жанында кабар айтып жаткан Жахабанын Күбөсү алардан канча баласы бар экенин сураганда, алар: «Азырынча балабыз жок, бирок балалуу болгондо аны Кудай жолунда тарбиялайлы деп жатабыз. Бул китептер так бизге керек китептер экен»,— деп жооп беришкен.

Украинада көчмө текченин жанына аскер кийимчен бир киши келип: «Кыздар, Армагедондун качан болорун айткылачы»,— деген. Ал Украинадагы жакында эле болгон жаңжалдарга жигердүү катышкандардын бири экен. Дүйнөдө болуп жаткан окуялардан улам ал Армагедон жакында болот окшойт деген ойго келиптир, бирок эмне үчүн Кудайдын создуктуруп жатканын түшүнбөй, ойлонуп жүрүптүр. Жарчылар ага Кудай адамдардын ишине азырынча эмне үчүн кийлигишпей жатканын жана жамандыктын баарын жакында жок кыларын Ыйык Китептен окуп, түшүндүрүп беришкен. Ал киши «Күзөт мунарасы», «Ойгонгула!» журналдарын жана «Камкор Жараткан барбы?» деген китепти алып кеткен.

Македонияда бир жаш жигит көчмө текченин жанында турган Жахабанын Күбөлөрүнө келип, алардын журналдарын окуп турарын, бирок аны «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китеби кызыктырып жатканын айткан. Анан китепти алып, түз эле китепканага барып окуюн деп жатканын билдирген.

Ал эки сааттай өткөндөн кийин кайра келип, китептин 79 бетин окуп койгонун айтып: «Бул китеп жашоону өзгөртө ала турган китеп экен. Мен ишенген нерселеримдин көбү туура эмес экенин билдим. Китепте баары жүйөлүү далилдер менен түшүндүрүлүптүр. Китеп жашоого болгон көз карашымды толугу менен өзгөрттү!» — деген.