Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Сүрөт галереясы. Балдар сүйгөн тасмалар

Сүрөт галереясы. Балдар сүйгөн тасмалар

«Жахаба Кудай менен дос бол» деп аталган Медер менен Алтынай жөнүндөгү көп сериялуу мультфильмдер жана мультипликациялык ырлар көптөрдүн сүймөнчүгүнө айланды. Ата-энелер да, балдар да ушундай видеотасмалардын чыгып жатканына ыраазычылыгын билдиришкен. Төмөндө алардын айрымдары жазылды:

  • «„Ук, аткар, бата ал“ деген DVD үчүн чоң ыракмат! Мен оюнчугумду жаныма алып алып, аны күн сайын көрөм» (Зак, 5 жашта).

  • «Жаңы ырды уккандан кийин Жахабанын мени сүйөрүн жана каалаган учурда ага кайрылып тиленсем болорун билдим» (Микарайя, 6 жашта).

  • «Мен ата-энемдин тилин алганды жана дайыма чачкан нерселеримди жыйнаганды үйрөндүм. Бизге ушундай мультфильмдерди чыгарып берип атканыңарга рахмат!» (Николь, 8 жашта).

  • «Ушундай сонун мультфильм үчүн силерге чоң рахмат! Бул аябай күлкүмүштүү, кызыктуу экен! Мага аябай жакты» (Маккензи, 5 жашта).

  • «Мага „Жахаба Кудай менен дос бол“ деген мультфильмдердин баары жагат. Мен аларды күн сайын көрөм. Жахабанын силерге ушундай мультфильмдерди чыгарууга жардам берип жатканына аябай сүйүнөм!» (Ава, 8 жашта).

  • «Мультфильмдерди көргөн, ырларды уккан мага аябай жагат. Мен ырлардын баарын жаттаганга аракет кылып жатам. Мультфильмдер Жахабаны сүйгөнгө жардам берет экен» (Девон, 4 жашта).

  • «Кийинки мультфильм качан чыгат деп аябай күтөм! Мультфильмдерди дайыма чыгарып тургулачы» (Ванс, 8 жашта).

Шайло, 6 жашта (Австралия)

12-сабак: Медер менен Алтынай Бейтелге экскурсияга барат

Сиенна, 8 жашта (Австралия)

106-ыр: Жахаба менен дос болуу

Эдуардо, 10 жашта (Бразилия)

13-сабак: Жахаба эр жүрөк болууга жардам берет

Мишель, 11 жашта (Германия)

10-сабак: Боорукер, берешен бол

Присцилла, 8 жашта (Германия)

11-сабак: Айкөлдүк менен кечир

Мику, 7 жашта (Жапония)

13-сабак: Жахаба эр жүрөк болууга жардам берет

Томоаки, 10 жашта (Жапония)

6-сабак: Сылык бол, рахмат айт

Самуэль, 7 жашта (Мексика)

9-сабак: Жахаба баарын жараткан

Адриана, 6 жашта (Кошмо Штаттар)

92-ыр: Кудайдын сөзүн кабарла

Антони, 11 жашта (Кошмо Штаттар)

2-сабак: Жахаба Кудайдын тилин ал

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Балдарды Кудайды сүйүүгө кантип үйрөтсө болот?

Ыйык Китепти колдонуп балдардын жүрөгүн кантип козгосо болот?