Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ЯНВАРЬ, 2017

 КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЫШАЯ 34—37

Хискиянын бекем ишеними акталган

Хискиянын бекем ишеними акталган

Ашур падышасы Сенхейрип Иерусалимдин багынып беришин талап кылышы үчүн рапшакты жөнөткөн. Ашурлуктар жүйүттөр согушсуз эле багынып бериши үчүн ар кандай ыкманы колдонушкан.

  • Ындынын өчүрүү. Мисир силерге эч жардам бере албайт (Ыш 36:6).

  • Шек туудуруу. Силер Жахабанын ырайымынан ажырап калгансыңар, ошон үчүн ал силерди колдобойт (Ыш 36:7, 10)

  • Коркутуу. Силер кубаттуу Ашур аскерине туруштук бере албайсыңар (Ыш 36:8, 9).

  • Азгыруу. Ашур падышасына багынып берсеңер, жыргалчылыкта жашайсыңар (Ыш 36:16, 17).

Хиския Жахабага бекем ишенерин көрсөткөн

37:1, 2, 14—20, 36

  • Курчоо учурунда эл кыйналбашы үчүн, мүмкүн болгон нерсенин баарын кылган

  • Ашурлуктардан куткарышын сурап Жахабадан тиленген жана элдин ишенимин бекемдеген

  • Жахаба периштесин ашурлуктардын 185 000 жоокерин бир түндө кырып салуу үчүн жибергенде, Хискиянын бекем ишеними акталган