Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ЯНВАРЬ, 2017

 КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Оо, Жахаба,.. мен өзүңө таянам»

«Оо, Жахаба,.. мен өзүңө таянам»

Кыйын учурда да, жакшы учурда да Жахабага таянганыбыз маанилүү (Зб 25:1, 2). Б.з.ч. 8-кылымда Жүйүт жериндегилер Кудайга канчалык таянары сыналган оор жагдайга туш болгон. Ал окуядан көп нерсени үйрөнсөк болот (Рм 15:4). «Оо, Жахаба,.. мен өзүңө таянам» деген тасманы көргөндөн кийин бул суроолорго жооп берип көргүлө:

  1. Хиския кандай оор жагдайга туш болгон?

  2. Шаар курчоого алынышы мүмкүн болгондо Хиския кантип Накыл сөздөр 22:3төгү принципке ылайык иш кылган?

  3. Хиския Ашурга багынып берүүдөн же Мисирден жардам суроодон эмне үчүн баш тарткан?

  4. Хиския баарыбызга кандай үлгү калтырган?

  5. Биздин да ишенимибиз сыналган кандай учурлар болушу мүмкүн?

Жахабага таянарымды кандай учурда көрсөткүм келет?