Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ЯНВАРЬ 2016

 КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Сыйынуу жайларын куруу жана күтө билүү — зор сыймык

Сыйынуу жайларын куруу жана күтө билүү — зор сыймык

Байыркы учурда Ысрайылдагы ибадаткананы курууга көп күч-аракет, каражат талап кылынган. Бирок ысрайылдыктар ал долбоорду ынталуулук менен колдошкон (1Жл 29:2—9; 2Жл 6:7, 8). Ибадаткана курулуп бүткөндөн кийин аны кандай күтө билгенинен ысрайылдыктардын Жахабаны сүйөр-сүйбөсү көрүнгөн (2Пд 22:3—6; 2Жл 28:24; 29:3). Бүгүнкү күндө да Кудайдын кызматчылары Падышалык залдарын, жыйындар залдарын курууга, тазалоого жана жакшы абалда күтө билүүгө көп убакыт, күч жумшашат. Алар Жахаба менен ушундайча кызматташууну зор сыймык жана ыйык кызмат деп эсептешет (Зб 127:1; Аян 7:15).

САЛЫМ КОШУУ ҮЧҮН...

  • Жолугушуудан кийин отурган жериңерди, колдонгон нерселерди тазалап, иреттеп кеткиле. Мүмкүнчүлүгүңөр чектелүү болсо, тегерегиңерди тазалап кеткиле.

  • Падышалык залын тазалоо, күтө билүү иштерине дайым катышкыла. Буга канчалык көп киши катышса, жумуш ошончолук оңой болот жана кубаныч тартуулайт (lv 92-б., 18-абз.).

  • Акча-каражат жагынан колдоо көрсөткүлө. Атүгүл «наркы өтө төмөн эки тыйын» тартуу кылсаңар да, эгер ал чын жүрөктөн болсо, Жахабага жагат (Мр 12:41—44).

  • Жагдайыңар жол берсе, теократиялык имараттарды курууга, оңдоп-түзөөгө өз ыктыярыңар менен жардам бергиле. Курулушка катышууга сөзсүз кандайдыр бир адистикке ээ болуу талап кылынбайт.