Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ЯНВАРЬ 2016

 КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЭЗРА 6—10

Жахаба кызматчыларынын даярдуулук рух чагылдырышын каалайт

Жахаба кызматчыларынын даярдуулук рух чагылдырышын каалайт

Эзра Иерусалимге кайтып барууга даярдык көргөн

7:6, 22; 8:26, 27

  • Артакшашта падышадан Иерусалимге кайтып барууга уруксат алып, ал жерде чыныгы сыйынууну калыбына келтирген

  • Падыша Эзрага Жахабанын үйү үчүн «сурагандын баарын»: алтын, күмүш, буудай, шарап, май, туз берген. Бул, биздин акча менен эсептегенде, 100 000 000 долларга барабар

Эзра Жахабанын өз кызматчыларын коргооруна бекем ишенген

7:13; 8:21-23

  • Иерусалимге кайтып баруу оор болгон

  • Кооптуу аймактар аркылуу 1 600 километрдей жолду басып өтүшкөн

  • Жолго 4 айдай убакыт кеткен

  • Кайтып баргандардан бекем ишеним, чыныгы сыйынууга болгон ынталуулук жана эр жүрөктүк талап кылынган

ЭЗРА ЖОЛГО...

салмагы 750 таланттан, болжол менен 3 чоң эркек Африка пилинин салмагынан, ашуун болгон алтын, күмүш алып чыккан.

КАЙТЫП БАРГАНДАРГА...

каракчылар, чөлдүн катаалдыгы, жапайы жаныбарлар коркунуч туудурган