Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ФЕВРАЛЬ, 2017

 КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЫШАЯ 63—66

Шаттыкка бөлөгөн жаңы асман менен жаңы жер

Шаттыкка бөлөгөн жаңы асман менен жаңы жер

Жахабанын баарын калыбына келтирери тууралуу Ышая 65-бөлүмдөгү убадасы сөзсүз аткарыла тургандыктан, Ал аны жасап жаткандай кылып, учур чакта айткан

Жахаба жаңы асманды, ошондой эле мурункулар мындан ары эскерилбей турган жаңы жерди жаратууда

65:17

Жаңы асман эмнени билдирет?

  • Жаңы асман жер бетине адилдикти орното турган жаңы өкмөттү билдирет

  • Ал өкмөт 1914-жылы Иса Машаяк Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары такка отурганда башкара баштаган

Жаңы жер эмнени билдирет?

  • Жаңы жер асмандагы жаңы өкмөттүн бийлигине чын жүрөктөн баш ийген бардык улуттагы, тилдеги, расадагы адамдарды билдирет

Мурункулар кандайча эскерилбей калат?

  • Жүрөккө так калтыра турган нерселер — денебизди, акыл-эсибизди жана жан дүйнөбүздү жабыркаткан нерселердин баары — болбойт

  • Кудайга ишенимдүү болгон адамдар жашоонун ыракатын көрүп, ар бир өткөн күндү жылуу сезим менен гана эскеришет