Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ФЕВРАЛЬ, 2017

 КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Адабияттарды акылдуулук менен колдонолу

Адабияттарды акылдуулук менен колдонолу

Иса Машаяк: «Бекер алдыңарбы, бекер бергиле»,— деп айткан (Мт 10:8). Бул кеңешке бекем кармангандыктан Ыйык Китепти жана ага негизделген адабияттарды акчага сатпайбыз (2Кр 2:17). Ошентсе да адабияттарыбызда Кудайдын Сөзүнө негизделген баалуу чындык камтылган. Аларды басып чыгарып, дүйнөнүн чар тарабына жөнөтүш үчүн көп каражат, мээнет кетет. Ошондуктан канча керек болсо ошончо эле алганыбыз жакшы.

Башкаларга адабият берүүдө, атүгүл эл көп жерде күбөлөндүрүүдө кыраакы болушубуз кажет (Мт 7:6). Өткөн-кеткендерге адабияттарды жөн эле берип койбостон, алар менен сүйлөшүп, чындап кызыккан-кызыкпаганын билүүгө аракет кылышыбыз абзел. Кутучадагы суроолордун, жок дегенде, бирине «ооба» деп жооп бере аласыңарбы? Кимдир бирөөнүн кызыккан-кызыкпаганын аныктай албай жатсаңар, баракча эле бергениңер туура. Эгер сүйлөшүп жаткан киши өзү журнал же башка адабият сураса, албетте, беребиз (Нкл 3:27, 28).