Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык кызматыбыз жана жашообуз окуу куралы  |  Октябрь, 2016

 КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

JW.ORG байланыш карточкасын колдонуп жатасыңарбы?

JW.ORG байланыш карточкасын колдонуп жатасыңарбы?

Улуу алаамат жакындап келаткандыктан, кабар айтуу иши ушу тапта — абдан шашылыш иш (Нкл 24:11, 12, 20). Андыктан башкалардын көңүлүн Кудайдын Сөзүнө жана биздин веб-сайтыбызга буруш үчүн байланыш карточкасын колдонсок болот. Ал карточкада «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген тасманы көрүүгө өбөлгө түзгөн код бар. Ошондой эле көбүрөөк маалымат алуу үчүн же Ыйык Китепти изилдөө үчүн биз менен байланышуу сунушталат. Айрымдар адабияттарыбызды алууга анча көңүлдөнбөгөнү менен, расмий веб-сайтыбызга кызыгып кириши мүмкүн. Андыктан аларга байланышуу карточкасын сунуштоодон тартынбагыла. Ал эми кызыкпагандарга аны сунуштабай эле койгонубуз оң.

Өзүбүздүн жеке иштерибиз менен жүргөндө деле башкаларды кызыктырыш үчүн жөн гана: «Мен сизге бир нерсе берейин дегем. Бул карточкада ар кандай темадагы маалыматтар жана тасмалар камтылган веб-сайттын дареги жазылган»,— деп сунуштасаңар болот (Жн 4:7). Байланыш карточкасы чакан эле болгондуктан, мүмкүнчүлүк болгондо башкаларга бериш үчүн дайыма жаныңарга бир нечесин ала жүрсөңөр болот.