Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ОКТЯБРЬ, 2016

 КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жакшы жооп кандай болот?

Жакшы жооп кандай болот?

Жыйналышта берилген жакшы жооптор баарынын, жооп бергендердин өздөрүнүн да ишенимин бекемдейт (Рм 14:19; Нкл 15:23, 28). Ошондуктан жыйналышта, жок дегенде, бир жолу жооп бергенге аракет кылышыбыз керек. Бирок бизди дайыма эле сурабашы мүмкүн болгондуктан, бир нече жооп даярдап алганыбыз жакшы.

Жакшы жооп...

  • жөнөкөй, түшүнүктүү, кыска болот жана көп учурда 30 секундада же андан аз убакыттын ичинде айтылат

  • өз сөзү менен айтылат

  • ага чейин айтылган ойлорду камтыбайт

Биринчи болуп жооп берсеңер,..

  • берилген суроого так жана жөнөкөй жооп бергиле

Эгер суроого жооп айтылса,..

  • келтирилген аяттын негизги ойго кандай тиешеси бар экенин

  • жашообузга кандай тиешеси бар экенин

  • иш жүзүндө кантип колдонсо болорун

  • же негизги ойду баса белгилеген кыскача окуя айтып берсеңер болот