Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык кызматыбыз жана жашообуз окуу куралы  |  Октябрь, 2016

 КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | НАКЫЛ СӨЗДӨР 1—6

«Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян»

«Бүт жүрөгүң менен Жахабага таян»

Жахаба биздин ага толугу менен таянышыбызга татыктуу. Анын ысмынын мааниси бардык убадаларын аткарарына болгон ишенимибизди бекемдейт. Ага таянууга жардам берген маанилүү нерсе — бул тиленүү. Накыл сөздөрдүн 3-бөлүмүндө, эгер Жахабага таянсак, ал биздин жолдорубузду түздөп турары айтылган.

Өзүн акылдуу деп эсептегендер...

3:5—7

  • чечим чыгарарда жетектешин суранып Жахабага кайрылышпайт

  • өзүнүн акылына же бул дүйнөнүн акылмандыгына таянышат

Жахабага таянгандар...

  • Ыйык Китепти изилдеп, ой жүгүртүп, тиленип аны менен ынак мамиле өрчүтүшөт

  • чечим чыгарарда Ыйык Китептеги принциптерди изилдеп, Жахабанын жетектешин каалаарын көрсөтүшөт

ЧЕЧИМ ЧЫГАРАРДА КАНДАЙ КЫЛАМ?

БИРИНЧИДЕН: Өзүм туура көргөн жолду тандайм

БИРИНЧИДЕН: Жахабадан тиленип, Ыйык Китепти изилдеп анын жетекчилигин издейм

ЭКИНЧИДЕН: Жахабадан чыгарган чечимиме батасын беришин суранам

ЭКИНЧИДЕН: Ыйык Китептеги принциптерге ылайык келген жолду тандайм