Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ НОЯБРЬ, 2016

 КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Күйөөсүн дарбаза алдында... отурганда таанышат»

«Күйөөсүн дарбаза алдында... отурганда таанышат»

Жакшы аял күйөөсүнө жакшы таасир этет. Лемуел падышанын убагында жакшы аялдардын күйөөлөрү «дарбаза алдында» отурган, көпчүлүккө белгилүү кишилерден болушчу (Нкл 31:23). Бүгүнкү күндө кадырлуу эркектер аксакалдар жана кызмат жардамчылары болуп кызмат кылышат. Эгер үйлөнгөн болсо, ал кызматты аркалаар-аркалабасы көбүнчө жубайынын жакшы жүрүм-турумунан жана колдоосунан көз каранды болот (1Тм 3:4, 11). Андай жакшы аялдарды күйөөлөрү эле эмес, жыйналыштагылар да жогору баалайт.

Жакшы аял күйөөсүнүн кызмат кылышына кантип жардам бере алат?

  • Жылуу сөз айтып дем-шык берет (Нкл 31:26)

  • Жыйналыштагыларга кызмат кылышын кош колдоп колдойт (1Тс 2:7, 8)

  • Бар нерсеге ыраазы болот (1Тм 6:8)

  • Күйөөсүнөн жыйналыштагы купуя маалыматты сурабайт (1Тм 2:11, 12; 1Пт 4:15)