Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ МАРТ 2016

 КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЭСТЕР 6—10

Эстер Жахаба жана анын эли үчүн жанын аяган эмес

Эстер Жахаба жана анын эли үчүн жанын аяган эмес
ЖАЙГАШЫШЫ
Image
Text

Эстер Жахабанын ысмын жана анын элин коргош үчүн кайраттуу болуп, жанын аяган эмес

8:3—5, 9

  • Эстер менен Мордохай ажалдан калганы менен, Амандын жүйүттөрдүн баарын кырууга берген буйругу империянын чар тарабына тарап кеткен

  • Эстер кайрадан жанын тобокелге салып, чакырылбаса да падышанын алдына барат. Ал көз жашын төгүп, падышадан анын элин кырууга байланыштуу берген буйругун жокко чыгарышын өтүнөт

  • Падышанын атынан чыгарылган буйрук жокко чыгарылгыс болгондуктан, падыша Эстер менен Мордохайга жаңы мыйзам чыгарууга укук берет

Жахаба өз элин улуу жеңишке жеткирген

8:10—14, 17

  • Жүйүттөргө коргонууга уруксат берилген жаңы буйрук чыккан

  • Чабармандар ал кабарды империянын булуң-бурчуна жеткирип, жүйүттөр согушууга даярдана баштаган

  • Көптөр Кудайдын жүйүттөрдү колдоп жатканынын айкын далилин көрүп, алардын динин тутуп калышкан