Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ МАРТ 2016

 КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | АЮП 1—5

Аюп пайгамбар сыноо учурунда кынтыксыздыгынан жазган эмес

Аюп пайгамбар сыноо учурунда кынтыксыздыгынан жазган эмес

Аюп пайгамбар ысрайылдыктар Мисирдин кулчулугунда жүргөн кезде Ус деген шаарда жашаган. Ал ысрайылдык болбосо да Жахабага кызмат кылган. Ал үй-бүлөсү абдан чоң, бардар турган, элдин арасында урмат-сыйга ээ киши болгон. Аюп пайгамбар кадыр-барктуу кеңешчи жана калыс сот болгон. Ошондой эле кедей-кембагалдарга көп жардам берген. Ооба, ал кынтыксыз киши болгон.

Аюп пайгамбар Жахаба ал үчүн баарынан маанилүү экенин далилдеген

1:8—11, 22; 2:2—5

  • Шайтан анын кынтыксыз киши экенин билген. Ал анын Жахабага баш ийип жатканына эмес, кандай ниет менен баш ийип жатканына шек туудурган

  • Шайтан ал Жахабага өз кызыкчылыгын көздөгөндүктөн гана кызмат кыларын айткан

  • Шайтан көтөргөн суроо чечилиш үчүн, Жахаба ага ишенимдүү кызматчысын сынап көрүүгө жол берген. Ошондо Шайтан анын бүт жашоосуна бүлгүн салган

  • Ал кынтыксыздыгынан жазбай койгондо, Шайтан негизи эле адам аттуунун баары кынтыксыздыгын сактай аларына шек туудурган

  • Ал күнөө кетирген эмес, Кудайды күнөөлөгөн да эмес