Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ МАЙ, 2016

 КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

JW Library программасын кандайча колдонсо болот?

JW Library программасын кандайча колдонсо болот?

ӨЗДҮК ИЗИЛДӨӨДӨ:

  • Ыйык Китепти жана күндүн аятын окуй аласың

  • «Жылдык китепти», журналдарды жана башка адабияттарды окуй аласың. Чөпкаттарды коюп алсаң болот

  • Жыйналыштарга даярданып, жоопторду белгилеп алсаң болот

  • Тасмаларды көрө аласың

ЖЫЙНАЛЫШТА:

  • Баяндамачы айткан аяттарды ачып отура аласың. Ачылган аятка кайра барыш үчүн «Буга чейин ачылгандар» деген функцияны колдонсоң болот

  • Жыйналышта талкууланчу адабияттын баарын көтөрүп келип отурбай, аларды электрондук каражатыңан окусаң болот, ырларды да ал жактан карап ырдасаң болот. JW Library программасында ыр китебине кошула элек жаңы ырлар да бар

КЫЗМАТТА:

  • Жакшы кабарга кызыккандарга JW Library программасынан бир нерсе көрсөтүп, ал программаны жана адабияттарды анын электрондук каражатына жүктөп алууга жардам бер

  • Ыйык Китептеги кайсы бир аятты оңой табуу үчүн «Издөө» функциясын колдон

  • Тасма көрсөт. Эгер үй ээсинин балдары болсо, «Жахаба кудай менен дос бол» деген мультфильмдин кайсы бир сериясын көрсөт. Же Ыйык Китепти изилдөөгө кызыктырыш үчүн «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген тасманы көрсөт. Ал эми башка тилде сүйлөсө, эне тилиндеги тасманы көрсөт

  • Жүктөп алган котормону колдонуп, кимдир бирөөгө башка тилдеги аятты көрсөтүп бер. Ан үчүн керектүү аяттын номурун басып, башка котормолорду көрсөтө турган белгини бас