Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ИЮНЬ, 2016

 КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Кызматта тасмаларды колдонуу

Мыкты кызматчы болгонго умтулалы. Кызматта тасмаларды колдонуу

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Тасмалар адамдын жүрөгүн козгобой койбойт, анткени аны көрүп жатканда, көрүү жана угуу органдары катышат. Тасмалар көңүлдү байлап алат жана көпкө чейин эсте калат. Жахаба Кудай өзү да кызматчыларын бир нерсеге үйрөтүш үчүн көрүнүштөрдү көрсөткөн (Элч 10:9—16; Аян 1:1).

«Кудайдын ысмы барбы?», «Ыйык Китепти ким жаздырган?» жана «Ыйык Китепте чындык жазылганын кайдан билебиз?» деген тасмалар «Жакшы кабар» китепчесинин 2, 3-бөлүмдөрүн тереңирээк түшүнүүгө жардам берет. Ал эми «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?», «Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?» деген тасмалар кабарга кулак каккан кишиге Ыйык Китепти изилдөөгө жана жыйналыш жолугушууларына барууга түрткү бериши мүмкүн. Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга толук метраждуу тасмаларды да көрсөтсө болот (km13 5 3-б.)

КАНТИП КЫЛСА БОЛОТ?

  • Үй ээсине көрсөткүңөр келген тасманы жүктөп алгыла

  • Жообу тасмада камтылган бир-эки суроо даярдап алгыла

  • Тасманы чогуу көргүлө

  • Негизги ойлорду талкуулагыла

КОЛДОНУП КӨРГҮЛӨ:

  • Баракчалардын биринин арткы бетиндеги «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» деген тасмага байланыштырган кодду көрсөткүлө.

  • «Ыйык Китепте чындык жазылганын кайдан билебиз?» деген тасманы көрсөткүлө жана «Жакшы кабар» китепчесинин 3-бөлүмүн көрсөтүп, китепчени сунуштагыла.