Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ИЮНЬ, 2016

 КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЗАБУР 34—37

Жахабага таян, жакшылык кыл

Жахабага таян, жакшылык кыл

«Ыймансыздык кылгандарга көз артпа»

37:1, 2

  • Ыймансыздардын ийгиликке жетип, убактылуу жыргап жатканы Жахаба Кудайга кызмат кылуудан алаксытышына жол бербе. Алып жаткан баталарга жана койгон максаттарыңа көңүл топто

«Жахабага таян, жакшылык кыл»

37:3

  • Жахабага таянуу ар кандай шек саноодон жана тынчсыздануудан арылууга көмөк кылат. Кудай ишенимдүү бойдон калууга жардам берет

  • Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар жарыялоо менен алек бол

«Жахабадан кубаныч алып, ырахаттан»

37:4

  • Жахаба жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Ыйык Китепти окуп, ой жүгүртүүгө убакыт бөл

«Жолуңду Жахабага тапшыр»

37:5, 6

  • Жахаба Кудай көйгөйүңдүн баарын чечүүгө жардам берерине толук ишен

  • Каршылыкка, куугунтукка кабылганда же жалаа жабылганда, жамандык кылуудан алыс бол

«Жахабанын алдында унчукпа, аны чыдамсыздык менен күт»

37:7—9

  • Кубанычтан арылтып, Кудай менен болгон мамилеңе доо кетире турган иш кылуудан кач

«Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат»

37:10, 11

  • Жумшак болууга умтулуп, Жахабанын сен кабылган адилетсиздиктин баарын жок кыларын момундук менен күт

  • Ишенимдештерди колдоп, көңүлү чөккөндөргө Кудай убада кылган жаңы дүйнөгө аз калганын айтып жубат

Кудайдын Падышалыгы чексиз баталарды төгөт