Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык кызматыбыз жана жашообуз окуу куралы  |  Июль, 2016

 КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Бир жыл аракет кылып көрөсүңөрбү?

Бир жыл аракет кылып көрөсүңөрбү?

Сөз үзгүлтүксүз пионер болуу жөнүндө жүрүп жатат. Бул кызматты баштасаңар, мол бата аласыңар! (Нкл 10:22).

ПИОНЕР БОЛСОҢОР...

  • Кабарды чебердик менен айтууга үйрөнөсүңөр жана кызматтан көбүрөөк кубаныч аласыңар

  • Жахаба менен болгон мамилеңер бекемделет. Башкаларга ал тууралуу канчалык көп айткан сайын, анын кереметтүү сапаттары ошончолук эсиңерде сакталып кала берет

  • Падышалыктын ишин өз кызыкчылыгыңардан жогору койгондо жана башкаларга жардам бергенде алчу канааттануу сезимин татып көрөсүңөр (Мт 6:33; Элч 20:35)

  • Райондук көзөмөлчү өткөргөн жолугушууга, райондук жыйындын алдындагы атайын жолугушууга катышууга жана Пионердик кызмат мектебинен билим алууга шарт түзүлөт

  • Башкаларга Ыйык Китепти изилдөөгө жардам бергенге мүмкүнчүлүгүңөр көп болот

  • Көптөгөн жарчылар менен кызматташып, бири-бириңерди бекемдей аласыңар (Рм 1:11, 12)