Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ДЕКАБРЬ, 2016

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

«ОЙГОНГУЛА!»

Суроо: Баарыбыз эле ден соолугубуз чың болушун каалайбыз. Кандай деп ойлойсуз, оорудан кантип сактансак болот?

Аят: Нкл 22:3

Адабият: «Ойгонгула!» журналынын бул санында оорудан сактаныш үчүн эмнелерге көңүл бурушубуз керектиги талкууланат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ЧЫНДЫКТЫ ОКУТУУ

Суроо: Азап-кайгыга Кудай себепкерби же башка нерсеби?

Аят: Ап 34:10

Чындык: Кудай азап-кайгыга себепкер эмес. Азап-кайгыга Шайтан, жаман адамдар жана туура эмес учурда туура эмес жерде болуп калуу себеп болот. Оор учурда Кудай бизди колдойт. Ал бизге кам көрөт.

«ЭМНЕ ҮЧҮН ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДЕШИБИЗ КЕРЕК?» (Тасма)

Суроо: Дүйнөнү Кудай башкарат деп ойлойсузбу? [Жообун ук.] Ыйык Китепте бул туурасында айтылгандар сизди таң калтырышы мүмкүн. Бул суроонун жообун бул тасмадан билүүгө болот. [Тасманы көрсөт.]

Адабият: Бул китептин 11-бөлүмүндө азап чегишибизге Кудай эмне үчүн жол берип жатканы жана жакында ал кандай чара көрөрү түшүндүрүлөт. [«Ыйык Китепте эмне делет?» китебин же «Эмнелерди билебиз?» китебин сунушта.]

ӨЗҮҢДҮН СУНУШТООҢДУ ДАЯРДА

Жогоруда көрсөтүлгөн сунуштоолордун негизинде өз сунуштооңду даярда.