Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ДЕКАБРЬ, 2016

 КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Мен барам! Мени жибер!»

«Мен барам! Мени жибер!»

Ышая пайгамбар эң сонун үлгү калтырган. Тапшырманы толук билбесе да, аткарууга даяр болуп, ишеними күчтүү экенин көрсөткөн (Ыш 6:8). Муктаждык бар жактарда кызмат кылыш үчүн силер да жашооңорду өзгөртүүгө даярсыңарбы? (Зб 110:3). Албетте, ал үчүн «канча чыгым кетерин эсептеп чыгуу» зарыл (Лк 14:27, 28). Бирок айрым нерселерден кечүүгө да даяр болушубуз керек (Мт 8:20; Мр 10:28—30). «Жарчылар аз жерге көчүп баргандар» деген тасмада көрсөтүлгөндөй, алган баталарыбыз баш тарткан нерселерибизден ашып түшөт.

ТАСМАНЫ КӨРГӨН СОҢ БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Уильямстардын үй-бүлөсү Эквадордо кызмат кылыш үчүн эмнелерден баш тартышкан?

  • Кайсы жерде кызмат кылууну чечип жатканда эмнелерди эске алышкан?

  • Кандай бата алышкан?

  • Муктаждык көбүрөөк жерде кызмат кылууга байланыштуу маалыматты кайдан алса болот?

ЭМКИ ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН СЫЙЫНУУ КЕЧИҢЕРДЕ ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРДУ ТАЛКУУЛАГЫЛА:

  • Үй-бүлөбүз менен чогуу кызматыбызды кантип кеңейте алабыз? (km11 08 4—6-б.)

  • Муктаждык бар жерде кызмат кыла албасак, өзүбүздүн жыйналышыбызга кантип жардам берсек болот? (w16.03 23—25-б.)