Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ыйык Китептик изилдөө өткөрүп жаткан эки бир тууган (Чили)

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ ДЕКАБРЬ, 2016

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

«Ойгонгула!» журналына жана «Азап-кайгыга Кудай себепкерби же башка бир нерсеби?» деген суроого байланыштуу үлгү иретиндеги сунуштоолор. Булардын негизинде өз сунуштооңду даярда.

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

«Келгиле, Жахабанын тоосуна... чыгалы»

Ышая пайгамбар согуш куралдарынан жер иштеткен куралдарды жасай турган убак келерин айтып, Кудайдын эли тынчтыкты сүйөрүн көрсөткөн (Ышая 2:4)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» китебин колдонуп адамдын жүрөгүн козгоо

«Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбагыла» китеби Ыйык Китепти изилдеген кишиге Кудайдын принциптерин жашоосунда кантип колдоно аларын түшүнгөнгө жардам берет.

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

Пайгамбарлыктын аткарылышы

Ышая пайгамбар Машаяктын Галилея аймагында кабар айтарын алдын ала айткан. Анын айткандары Иса Галилея аймагын кыдырып, жакшы кабар айтканда аткарылган.

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Мен барам! Мени жибер!»

Даярдуулук жана ишенимдүүлүк жагынан канткенде Ышая пайгамбардан үлгү ала алабыз? Жарчыларга муктаждык бар жерге көчүп барган үй-бүлө тууралуу тасманы көргүлө.

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

Жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот

Ышая пайгамбардын жердин бейишке айланары жөнүндө айткандары мурун кантип аткарылган, азыр кантип аткарылууда, келечекте кантип аткарылат?

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кудай берген билим бейкалыстыкты жоё алат

Мурда кас болгон эки киши Кудай берген, биримдикке үйрөткөн билимдин күчү менен Кудай кошкон бир туугандардан болуп калышкан.

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

Бийликти кыянат колдонуу бийликтен ажыратат

Шебна бийлигин кантип колдонсо болмок? Жахаба эмне үчүн анын ордуна Элиакимди дайындаган?