Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ЫЙЫК КЫЗМАТЫБЫЗ ЖАНА ЖАШООБУЗ ОКУУ КУРАЛЫ АВГУСТ, 2016

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

Үлгү иретиндеги сунуштоолор

«ОЙГОНГУЛА!»

Суроо: Жаман адаттарды таштап, жакшы адаттарды өрчүтүүгө күч жумшоонун акыбети кайтат деп ойлойсузбу?

Аят: Нс 7:8а

Адабият: Бул макалаларда жакшы адаттарды өрчүтүүгө жардам берген Ыйык Китептеги принциптер талкууланат.

«ОЙГОНГУЛА!»

Суроо: Жашоодо жагдай сөзсүз өзгөрөт. Сиздин оюңузча, ошондой болгондо кыйынчылыктар менен күрөшүүгө эмне жардам берет?

Аят: Нс 7:10

Адабият: [10-беттен башталган макаланы көрсөт.] Бул макаладан ошондой учурга кабылганда кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам бере турган Ыйык Китептеги принциптерди биле аласыз.

«КУДАЙДЫ УГУП, ТҮБӨЛҮК ЖАШАГЫЛА»

Суроо: Баарыбыздын: ата-энебиздин, туугандарыбыздын, досторубуздун ысмы бар. Анда Кудайдын да ысымы болушу мүмкүнбү? Кудайдын ысымы ким деп ойлойсуз?

Аят: Зб 83:18

Адабият: Бул китепчеден Ыйык Китепте Кудай жөнүндө дагы эмне деп айтыларын билүүгө болот. [6, 7-беттериндеги сүрөттөрдү көрсөт.]

ӨЗҮҢДҮН СУНУШТООҢДУ ДАЯРДА

Жогоруда көрсөтүлгөн сунуштоолордун негизинде өз сунуштооңду даярда.