Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Шемуел 8:1—18

8  Ошондон кийин Дөөтү пелиштиликтерди+ талкалап, аларды багындырып+, Метек-Хаманы тартып алды.  Ошондой эле мааптыктарды жеңгенден кийин+ аларды жерге жаткырып, эки ченемин өлтүрүп, бир ченемин тирүү калтырыш үчүн+, жип менен ченеди. Мааптыктар ошондон тартып Дөөтүгө кул болуп+, салык төлөй башташты+.  Соба падышасы+ Рекоптун уулу Ададезер бийлигин кайрадан орнотуу үчүн Эфрат дарыясынын+ аймагына барганда, Дөөтү ага катуу сокку урду+.  Ал анын 1 700 атчан аскерин, 20 000 жөө аскерин колго түшүрүп+, арабага чегилген аттарынын+ буттарынын тарамыштарын кесип салды+, анын жүз атына гана тийген жок.  Соба падышасы Ададезерге жардамга Дамасктан+ сириялыктар келишти. Дөөтү алардын 22 000 кишисин өлтүрүп+,  Сириядагы Дамаскка күзөтчүлөрдүн бир нече тобун койду+. Сириялыктар Дөөтүгө кул болуп, салык төлөй башташты+. Ошентип, Дөөтү кайда барбасын, Жахаба аны коргоп жүрдү+.  Дөөтү Ададезердин кишилеринин алтындан жасалган тегерек калкандарын алып+, Иерусалимге алып барды.  Андан сырткары, Дөөтү падыша Ададезерге таандык Бета жана Берота шаарларынан абдан көп жез алды+.  Хамат падышасы+ Той Дөөтүнүн Ададезердин аскерлерин талкалаганын угуп+, 10  анын ал-абалын сураганы+ жана Ададезерге катуу сокку уруп, жеңишке ээ болушу менен куттуктаганы өзүнүн уулу Жорамды жиберди. (Анткени мурун Ададезер Той менен көп согушчу.) Жорам ага күмүштөн, алтындан, жезден жасалган буюмдарды алып барды+. 11  Дөөтү аларды Жахаба үчүн ыйыктады. Ал өзү багындырып алган башка элдерден тартып алган алтын-күмүштү+: 12  сириялыктардан, мааптыктардан+, Амон уулдарынан, пелиштиликтерден+, Амалыктын тукумдарынан+ тартып алган алтын-күмүштү, ошондой эле Соба падышасы Рекоптун уулу Ададезерден олжолоп алган буюмдарды+ да ыйыктаган болчу. 13  Туздуу өрөөндө эдомдуктардын 18 000 кишисин өлтүрүп+, жеңишке ээ болгондон кийин Дөөтүнүн атагы чыкты. 14  Ал Эдомго, бүт Эдом боюнча күзөтчүлөр тобун койду+. Эдомдуктар Дөөтүгө кул болуп калышты+. Ошентип, Дөөтү кайда барбасын, Жахаба аны коргоп жүрдү+. 15  Дөөтү бүт Ысрайылга падышалык кылып+, элин адилеттик, калыстык менен башкарды+. 16  Зеруянын уулу Жоап+ аскер башчы, Акилуттун уулу Жошапат+ жылнаамачы, 17  Акитуптун уулу Садок+ менен Абыятардын уулу Акимелек+ дин кызматчы, Серая катчы болуп кызмат кылды. 18  Жояттын уулу Беная+ керейтиликтер+ менен пелеликтерге+ башчылык кылды, ал эми Дөөтүнүн уулдары дин кызматчы* болуп кызмат кылышты+.

Шилтемелер

Же: «башчы».