Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп | ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Шемуел 7:1—29

7  Падыша өзүнүн үйүндө жашап жатты+. Жахаба аны тегерегиндеги бардык душмандарынан коргоп, тынчтык берди+.  Бир күнү падыша Натан+ пайгамбарга: «Мен бал карагайдан+ салынган үйдө жашап жатам, чыныгы Кудайдын келишим сандыгы болсо дагы эле чатырда турат»,— деди+.  Натан ага: «Жүрөгүң эмнени каалап жатса, ошону кыл+, анткени Жахаба сени менен»,— деди.  Ошол түнү Жахаба Натанга+ мындай деди:  «Барып, кулум Дөөтүгө мындай деп айт: „Жахаба мындай дейт: “Мен жашай турган үйдү сен курасыңбы?+  Ысрайыл уулдарын Мисирден алып чыккан күндөн тартып ушу күнгө чейин мен үйдө жашаган жокмун+, мен чатырда+, ыйык чатырда+ жашап келатам+.  Ысрайыл уулдарынын арасында жүргөнүмдө+ Ысрайыл урууларынын ичинен ысрайыл элимди кайтарууга дайындалган урууга: “Эмне үчүн мага бал карагайдан үй курбайсыңар?”— деп айттым беле?”“+  Кулум Дөөтүгө мындай де: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Ысрайыл элиме жол башчы болушуң үчүн+, мен сени кой кайтарып жүргөн жериңден тандап алгам+.  Сен кайда барба, мен сени менен болом+, душмандарыңдын баарын кырып жок кылам+, сенин атыңды улуу кылам+, сен жер жүзүндөгү атактуу адамдардын бири болосуң. 10  Мен ысрайыл элиме жер берип+, аларды ошол жерге отургузам+. Алар ошол жерде жашашат, эч ким алардын тынчын албайт. Ыймансыздар аларга мурункудай болуп кысым көрсөтүшпөйт+, 11  мен ысрайыл элиме бийлерди дайындаган+ убактагыдай болуп аларды кысымга алышпайт. Мен сени бардык душмандарыңдан коргоп, тынчтык берем+. Жахаба сага үй тургузарын Жахаба өзү айткан+. 12  Көз жумуп+, ата-бабаларыңа кошулгандан кийин+, сенин ордуңа сенден төрөлгөн тукумуңду коюп, анын падышалыгын бекемдейм+. 13  Менин ысмыма арнала турган үйдү ошол курат+, мен анын падышалык тагын түбөлүккө бекем кылам+. 14  Мен ага ата болом+, ал менин уулум болот+. Эгер ал туура эмес иш кылса, аны адамдар колдонгон таяк менен, Адам уулдарынын соккулары менен жазалайм+. 15  Аны, Шабулду сен үчүн четке кагып+, мээримдүүлүгүмдөн ажыратканымдай, мээримдүүлүгүмдөн ажыратпайм. 16  Сенин үйүң менен падышалыгың түбөлүккө бекем болот, тактың түбөлүккө турат”“»+. 17  Натан Дөөтүгө ушул сөздөрдү жана аянды толугу менен айтып берди+. 18  Ошондо Дөөтү падыша Жахабанын алдына барып отурду да, мындай деди: «Оо, Эгедер Теңир Жахаба, сен мен үчүн ушунун баарын кылгыдай, мен ким экенмин+, менин үйүм эмне экен? 19  Ушунун баары аздык кылып жаткандай, Эгедер Теңир Жахаба+, сен кулуңдун үйүнүн тээ алыскы келечеги жөнүндө да айтып жатасың+. Муну сен, Эгедер Теңир Жахаба, адамзат үчүн мыйзам катары бердиң. 20  Оо, Эгедер Теңир Жахаба, сен кулуңду жакшы билесиң+, кулуң Дөөтү сага дагы эмне деп айта алат? 21  Ушул улуу иштердин баарын сен өзүңдүн сөзүңө+, эркиңе ылайык жасап+, алардын баарын кулуңа ачып бердиң+. 22  Ошондуктан сен, Эгедер Теңир Жахаба, баарынан улуксуң+. Сага окшош эч ким жок+, башка көптөгөн кудайлар жөнүндө уксак да, сенден башка Кудай жок+. 23  Жер бетинде ысрайыл элиңдей эл барбы?+ Оо, Кудай, сен аларды өзүңө эл кылыш үчүн, өзүңдүн ысмыңды даңкташ үчүн+ кун төлөп сатып алгансың+. Мисирден кун төлөп сатып алган элиң+ үчүн башка элдерди, алардын кудайларын кууп чыгыш үчүн улуу иштерди, коркуу сезимин туудурган иштерди жасагансың+. 24  Сен ысрайыл элиңди түбөлүккө өзүңдүн элиң кылып алдың+. Оо, Жахаба, сен алардын Кудайы болдуң+. 25  Эми, Жахаба Кудай, өзүңдүн кулуң жөнүндө, анын үйү жөнүндө айткан сөзүңдү түбөлүккө сакта, айтканыңдын баарын аткар+. 26  Сенин ысмың түбөлүккө даңкталып+, элдер: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба — Ысрайылдын Кудайы“+,— деп айтышсын. Кулуң Дөөтүнүн үйү сенин алдыңда бекем болсун+. 27  Анткени сен, Ысрайылдын Кудайы, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба: „Сага үй тургузам“,— деп кулуңа өзүң айткансың+. Ошондуктан кулуң сенден ушинтип тиленүүгө батынды+. 28  Оо, Эгедер Теңир Жахаба, сен чыныгы Кудайсың. Сенин сөздөрүң аткарылсын+, анткени сен кулуңа ушул жакшы нерсени убада кылдың+. 29  Кулуңдун үйү сенин алдыңда түбөлүккө турушу үчүн+, айткандарыңды аткарып, ага батаңды бер+. Эгедер Теңир Жахаба, өзүң убада кылгандай, кулуңдун үйүнө кылымдан кылымга батаңды бер»+.

Шилтемелер