Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Шемуел 4:1—12

4  Абинердин Хеброндо+ өлгөнүн укканда Шабулдун уулунун+ кайраты качты, бүт ысрайылдыктардын үрөйү учту+.  Шабулдун уулунун жортуулга чыккан топторду+ баштап жүргөн эки кишиси бар болчу. Алардын биринин аты Баанак, экинчисиники Рехап эле. Алар Бенжемин уруусундагы бейроттук Римондун уулдары болчу. (Бейрот+ ал учурда Бенжемин уруусуна таандык болчу.  Бейроттуктар Гитаимге+ качып барып, ушу күнгө чейин ошол жерде келгин болуп жашашат.)  Шабулдун уулу Жонатандын+ эки бутунан тең аксап баскан уулу бар болчу+. Изреилден+ Шабул менен Жонатан жөнүндө кабар келгенде, ал беш жашта эле. Ошондо бакма энеси коркконунан аны алып качып баратканда, ал кулап кетип, эки бутунан тең аксап калган эле. Анын аты Мепибешет болчу+.  Бейроттук Римондун уулдары Рехап менен Баанак күн ысып турган маалда Ишпошеттин+ үйүнө барышты. Ал эс алып жаткан эле.  Алар буудай алганы келген болуп ичкери киришти да, аны ичке сайып салышты+. Анан экөө+ эч кимге көрүнбөй кетип калышты.  Алар үйгө киргенде, Ишпошет өзү уктаган бөлмөсүндө жаткан эле. Экөө аны сайып өлтүрүп+, башын кесип алышты+ да, жолго чыгышты. Алар Арабага кеткен жол менен түнү бою жол жүрүштү.  Анан Ишпошеттин+ башын Хебронго, Дөөтү падышага алып барып: «Бул — сени өлтүргүсү келген+ душманың Шабулдун+ уулу Ишпошеттин башы. Бүгүн Жахаба улуу урматтуу падышам үчүн Шабул менен анын тукумдарынан өч алды»,— дешти+.  Бирок Дөөтү бейроттук Римондун уулдары Рехап менен Баанакка: «Мени бардык азаптан+ куткарган+ Жахаба тирүү+. 10  Сыклакта бирөө мага жакшы кабар алып келдим деп ойлоп: „Шабул өлдү“,— деп айтып келген болчу+. Ал сүйүнчү алам деп ойлогон эле, бирок мен аны өлтүрүп салгам+. 11  Анан кантип адил адамды өз үйүндө төшөктө жаткан жеринен өлтүрүп салган кара өзгөйлөрдү+ жазалабай коёюн? Анын каны үчүн силерди жоопко тартпай коймок белем?+ Силерди жер үстүнөн жок кылбай коймок белем?» — деди+. 12  Анан кишилерине аларды өлтүрүүнү буйрук кылды+. Алар экөөнү өлтүрүп, буту-колдорун кесип, Хеброндогу көлмөнүн жанына асып коюшту+. Ишпошеттин башын болсо Хебронго алып барып, Абинердин сөөгү коюлган жерге көмүп коюшту+.

Шилтемелер