Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Шемуел 24:1—25

24  Бирөө* Дөөтүгө: «Барып, Ысрайыл менен Жүйүттү санап чык»+ — деп, аны ысрайылдыктарга каршы иш кылганга түрттү, ошондо Жахабанын Ысрайылга дагы каары кайнады+.  Падыша жанындагы аскер башчысы Жоапка+: «Барып, Дандан Беир-Шебага+ чейин Ысрайылдын бардык урууларын аралап чыгып, элди каттоодон өткөргүлө+, канча элим бар экенин билейин»,— деди+.  Бирок Жоап: «Жахаба Кудайың элдин санын азыркыдан жүз эсе көбөйтсүн, улуу урматтуу падышам муну өз көзү менен көрсүн. Улуу урматтуу падышам эмнеге элин санап чыккысы келип жатат?» — деди+.  Бирок падышанын сөзү Жоап менен башка аскер башчыларынын сөзүнөн күчтүүлүк кылгандыктан+, алар падышанын жанынан кетип, ысрайыл элин каттаганы жөнөштү+.  Алар Иордандан өтүп, гаттыктардын+ жерине кеткен жолдогу өзөндүн ортосунда жайгашкан шаардын оң жагындагы Ароерге+ токтошту. Андан чыгып, Жазерге+ жөнөштү.  Андан ары Гилатка+, Тахтим-Хотшиге, анан Дан-Жанга барышты. Ал жерден чыккандан кийин бурулуп, Сидонго+,  андан кийин чептүү Тир шаарына+, ошондой эле хибиликтер+ менен канаандыктардын бардык шаарларына барышты. Акыр-аягы, Жүйүт жериндеги Негепте+ жайгашкан Беир-Шебага+ барышты.  Ошентип, алар тогуз ай жыйырма күндүн ичинде бүт жерди кыдырып чыгып, кайра Иерусалимге келишти.  Жоап падышага элдин саны канча экенин билдирди+: Ысрайылдын согушка жарактуу тайманбас эркектеринин саны 800000, ал эми Жүйүт эркектеринин саны 500000 болду+. 10  Элди санап чыккандан кийин Дөөтү өзүн жемелей баштады+. Ошондуктан Жахабага кайрылып: «Ушул ишти кылып, оор күнөө кетирдим+. Жахаба, кулуңдун күнөөсүн кечире көр+, мен акылсыздык кылыптырмын»,— деди+. 11  Дөөтү эртең менен турганда, анын көрөгөчүнө+, Гат пайгамбарга+, Жахаба мындай деди: 12  «Дөөтүгө барып: „Жахаба: “Сага үч жаза сунуш кылам+. Сени алардын кайсынысы менен жазалайын+, танда”,— деди“,— деп айт». 13  Гат Дөөтүгө келип, аларды айткандан кийин+: «Кайсынысын тандайсың: жериңде жети жыл ачарчылык болсунбу+, же үч ай душмандарыңдан качып жүрөсүңбү+, же жериңди үч күн жугуштуу оору каптасынбы?+ Мени жибергенге эмне деп айтып барайын? Ойлонуп көрүп, өзүң айт»,— деди. 14  Дөөтү Гатка: «Бул мен үчүн абдан оор. Бирок кантсе да Жахабанын колуна түшкөнүбүз жакшы эмеспи+, анткени ал абдан кайрымдуу+, адамдардын колуна түшпөсөм эле болду»,— деди+. 15  Ошондо Жахаба эртең мененден баштап белгиленген убакытка чейин Ысрайылга жугуштуу оору каптатты+. Натыйжада Дандан Беир-Шебага+ чейин жашаган элдин арасынан 70000 киши өлдү+. 16  Периште+ Иерусалимдин элин кырыш үчүн колун сунганда, Жахаба ушундай каргаша жибергенине кайгырып+, элди кырып жаткан ал периштеге: «Жетишет! Колуңду түшүр»,— деди. Ошол убакта Жахабанын периштеси жебустук+ Араунактын+ кырманынын жанында эле. 17  Элди кырып жаткан периштени көргөндө Дөөтү Жахабага: «Жаман ишти кылган, күнөө кетирген менмин. Бул койлордо+ эмне айып? Суранам, колуңду мага, менин атамдын үйүнө каршы сун»,— деди+. 18  Бир нече убакыт өткөндөн кийин, ошол эле күнү Гат Дөөтүгө келип: «Барып, жебустук Араунактын кырманына Жахабага арнап курмандык жайын кур»,— деди+. 19  Дөөтү, Жахабанын Гат аркылуу айтканы боюнча, жөнөдү+. 20  Падыша менен анын кишилеринин келатканын көрөрү менен Араунак алардын алдынан тосуп чыкты да, падышага жерге чейин ийиле таазим кылды+. 21  Анан: «Улуу урматтуу падышам кулунукуна эмнеге келди?» — деп сурады. Дөөтү: «Элдин кырылганы токтош үчүн+, сенин кырманыңды сатып алып+, ошол жерге Жахабага арнап курмандык жайын курганы келдим»,— деди. 22  Араунак Дөөтүгө: «Улуу урматтуу падышам кырманды алып+, каалаган курмандыгын чала берсин. Бул өгүздөрдү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалып, эгин бастырган чана менен арабанын жыгачтарын отун кылсын+. 23  Араунак ушунун баарын падышага берип жатат»,— деди. Анан ага: «Жахаба Кудайыңыз сизге ырайым кылсын»,— деди+. 24  Бирок падыша Араунакка: «Жок, мен сатып алам+. Жахаба Кудайыма бекер алган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалбайм»,— деди+. Ошентип, Дөөтү кырман менен өгүздөрдү элүү күмүш шекелге* сатып алды+. 25  Анан ал жерге Жахабага арнап курмандык жайын куруп+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар менен тынчтык курмандыктарын чалды. Жахаба анын өтүнүчүн угуп+, Ысрайылдагы кыргын токтоду.

Шилтемелер

Же: «ал». Кара: 1Жл 21:1.
Шекел еврейлердин негизги чен жана акча бирдиги болгон. Салмагы 11,4 г. Кара: 13-тирк.