Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Шемуел 23:1—39

23  Дөөтүнүн акыркы сөздөрү+: «Жышайдын уулу Дөөтүнүн+, Жогору коюлган кишинин+, Жакыптын Кудайынын майланганынын+, Ысрайылда мактап ырдашкандын* сөздөрү+.  Жахабанын руху мен аркылуу сүйлөдү+, Ал өзүнүн сөзүн менин оозума салды+.  Ысрайылдын Кудайы, Ысрайылдын Аскасы мага мындай деди+: „Эгер эл башкарган киши адил болсо+, Эгер ал Кудайдан коркуп башкарса+,  Анын башкаруусу күн чыгып келаткандагы таңкы жарыктай+, Таңкы ачык асмандай болот. Жарык тийип, жамгыр жаап, чөп өсөт“+.  Менин үйүм Кудайдын алдында ушундай эмеспи?+ Ал мени менен түбөлүк келишим түздү+, Ал — жакшы ойлонуштурулган, бекем келишим+, Мени куткара турган+, кубандырган келишим. Анан ал кантип аны аткарбай коймок эле?+  Ал эми начар адамдардын+ баары ыргытылчу+ тикенектүү бадалга окшош+, Аларды кол менен кармай албайсың.  Аларды кармайм деген кишинин колунда Темир куралы, найзасы болушу керек. Аларды отко салып өрттөшөт»+.  Дөөтүнүн күчтүү кишилери булар+: Тахмондун уулдарынын бири, үчөөнүн башчысы Жошеп-Башебет+. Ал бир салгылашта найзасы менен 800 кишини өлтүргөн.  Андан кийинкиси — Акокинин небереси, Додонун+ уулу Элазар+. Ал Дөөтү менен бирге пелиштиликтерди мазактаган үч күчтүү кишинин бири эле. Пелиштиликтер согушканы чыкканда, ысрайылдыктар алардан качып жөнөшкөн+. 10  Ошондо Элазар пелиштиликтер менен согушуп, колу талып, кылычына карышып калгыча аларды кырган+. Ошол күнү Жахаба аларды улуу жеңишке жеткирген+. Эл болсо Элазардын артынан өлгөндөрдү талап-тоноо үчүн эле жүргөн+. 11  Андан кийинкиси — арариттик+ Агенин уулу Шамай. Пелиштиликтер Лехиге, жасмык+ айдалган талаага чогулганда, эл алардан качып жөнөгөн болчу. 12  Бирок ал талаанын ортосуна туруп, аны сактап калган. Ал пелиштиликтерди кырып салган. Жахаба ошол күнү элин улуу жеңишке жеткирген+. 13  Оруп-жыюу маалында отуз башчынын үчөө+ Адулам+ үңкүрүндө жүргөн Дөөтүгө барышты. Ал учурда пелиштиликтердин кошууну репаимдердин өрөөнүндө эле+. 14  Ошол убакта Дөөтү киши бара алгыс жерде жүргөн болчу+, пелиштиликтердин күзөт аскерлери+ болсо Бетлехемде жайгашкан эле. 15  Бир убакта Дөөтү суусап: «Бетлехемдин дарбазасынын жанындагы суу сакталчу чуңкурдагы суудан ичсем кана!» — деди+. 16  Ошондо үч күчтүү кишиси пелиштиликтердин кошуунун аралап өтүп, Бетлехемдин дарбазасынын жанындагы суу сакталчу чуңкурдан суу сузуп алып, Дөөтүгө алып келишти+. Бирок ал аны ичпей, Жахабанын алдында жерге төгүп салды+. 17  Ал: «Өз өмүрүн тобокелге салган кишилердин канын+ кантип ичмек элем? Жок, Жахаба, мен эч качан антпейм!»+ — деп, ал сууну ичпей койду. Ал үч күчтүү киши ушундай иш кылган. 18  Зеруянын уулу+, Жоаптын бир тууганы Абышай+ отуз кишинин башчысы эле. Ал найзасы менен 300 кишини өлтүргөн. Ал да тиги үч кишидей атактуу болгон+. 19  Абышай өзү башчылык кылган отуз кишиден атактуураак болсо да, тиги үчөөнө тең келген эмес+. 20  Эр жүрөк Жояттын уулу Беная+ Капсеилде+ көп эрдик кылган. Ал мааптык Ариелдин эки уулун өлтүргөн. Ошондой эле кар жаап жаткан күнү суу сакталчу чуңкурга түшүп, арстанды+ өлтүргөн+. 21  Андан сырткары, Беная мисирлик алп кишини да өлтүргөн+. Ал кишинин колунда найзасы бар болсо да, Беная колуна таяк алып, ага каршы чыккан да, найзасын тартып алып, аны ошол найза менен сайып салган+. 22  Жояттын уулу Беная+ ушундай иштерди кылган. Ал да тиги үч күчтүү кишидей атактуу болгон+. 23  Берки отуз кишиден атактуураак болсо да, ал тиги үчөөнө тең келген эмес. Анткен менен Дөөтү аны өзүнө жан сакчы кылып дайындаган+. 24  Отуз кишинин арасында Жоаптын бир тууганы Асаел+ да болгон. Күчтүү кишилердин айрымдары булар: бетлехемдик Додонун уулу Элханан+, 25  хароттук Шамай+, хароттук Элика, 26  бет-пелеттик Хелез+, текоялык Икештин уулу Ира+, 27  анатоттук+ Абиезер+, хуштук+ Мебунай, 28  Акокинин тукумдарынан+ болгон Салмон, нетопалык Махарай+, 29  нетопалык Баанактын уулу Хелеп+, Бенжемин уруусуна таандык Гибада жашаган Рибайдын уулу Итай+, 30  пиратондук Беная+, Гааштын+ жанындагы өзөндө жашаган Идай, 31  арабалык Абалбан, бакуримдик Азмабет+, 32  шаалбимдик Элиакпа, Жашендин уулдары, Жонатан+, 33  арариттик Шамай, арариттик Шарардын уулу Ахиям+, 34  маахаттык кишинин уулу Ахазбайдын уулу Элепелет, гилолук Акитопелдин+ уулу Элиам, 35  кармелдик Хесро+, арабиялык Парай, 36  собалык Натандын+ уулу Игал, гаттык Бани, 37  Зеруянын уулу Жоаптын куралын көтөргөн жоокерлери бейроттук Нахарай менен Амон уулдарынан болгон Зелек+, 38  итрлик+ Ира, итрлик Гареп+, 39  Хеттин тукумдарынан болгон Урий+. Бардыгы болуп отуз жети киши.

Шилтемелер

Же: «Ысрайылдагы мукам үндүү ырчынын».