Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Шемуел 15:1—37

15  Ошондон кийин Абышалом өзүнө араба жасатып, аттарды даярдап, арабасынын алдында чуркап жүргөнгө элүү киши дайындады+.  Ал дайыма эртең менен эрте туруп+, дарбазага+ барчу жолдун боюна туруп алчу да, падышага арыз-доосун айтканы келгендердин+ ар бирин чакырып алып: «Кайсы шаардан болосуң?» — деп сурачу. Тиги: «Кулуң Ысрайылдын баланча уруусунан болот»,— деп жооп берчү.  Абышалом ага: «Сеники туура, бирок падышанын сени уга турган кишиси жок»,— дечү да+,  анан: «Эгер мени бул жерге арыз-доосу барлардын баары кайрыла турган сот кылып дайындашса+, анда мен ар биринин ишин адилеттүүлүк менен чечип бермекмин»,— деп айтчу+.  Кимдир бирөө жанына барып, таазим кылмакчы болгондо, Абышалом ага колун сунуп, кучактап+ өпчү.  Ал падышага арыз-доосун айтканы келген ысрайылдыктардын баарына ушундай мамиле кылып, алардын ишенимине кире берди*+.  Кырк жылдан кийин* Абышалом падышага: «Жахабага берген антымды аткарыш үчүн+ Хебронго+ барганга уруксат этиңиз.  Анткени Сириядагы Гешурда жашап жүргөндө+ кулуңуз: „Эгер Жахаба мени Иерусалимге кайра алып барса, мен Жахабага курмандык чалам“+,— деп ант берген эле»+,— деди.  Падыша: «Тынчтык менен бара бер»,— деди+. Ошентип, Абышалом Хебронго жөнөдү. 10  Ал Ысрайылдын бардык урууларына: «Мүйүз сурнайдын үнүн угарыңар менен: „Абышалом Хеброндо+ падыша болду!“ — деп жарыялагыла»+,— деп айттырыш үчүн жашыруун кабарчыларды жөнөттү+. 11  Абышалом чакырган 200 киши эч жаман ою жок+, иштин чоо-жайын билбей эле аны менен чогуу Иерусалимден чыгышты. 12  Курмандыктар чалынып жатканда, Абышалом Гило+ шаарынан Дөөтүнүн кеңешчиси+ гилолук+ Акитопелди+ чакырганы киши жиберди. Ошентип, падышага каршы козголоң уюштуруп+ жаткан Абышаломго кошулгандардын саны көбөйө берди+. 13  Бир канча убакыт өткөндөн кийин Дөөтүгө кабарчы келип: «Ысрайылдыктар Абышалом тарапка өтүп кетишти»,— деди+. 14  Дөөтү жанындагы, Иерусалимдеги, кызматчыларына: «Жүргүлө, качалы+, Абышалом бизди соо койбойт! Тезирээк качып кетели, болбосо ал келип калат да, башыбызга мүшкүл түшүрүп, шаардагылардын баарын кылычтап салат!» — деди+. 15  Падышанын кызматчылары ага: «Кулдарың улуу урматтуу падышабыз айткандын баарын кылат»,— дешти+. 16  Анан падыша үйүндөгүлөрүнүн баарын алып жөнөдү+. Он токолун болсо үйүн карап турганга калтырды+. 17  Падыша жана аны менен кошо чыккандардын баары Бет-Меракка барып токтошту. 18  Падышанын бардык кызматчылары анын жанынан өтүп жатышты. Керейтиликтердин, пелеликтердин+ баары, гаттыктар+, аны* менен чогуу Гаттан+ чыккан 600 киши, падышанын жанынан өтүп жатышты. 19  Падыша гаттык Итайга+: «Биз менен барып эмне кыласың? Кайткын да+, падыша менен кал, анткени сен бөтөн жерликсиң, өзүңдүн жериңе да бара албайсың. 20  Өзүң кечээ эле келсең, анан каякка барарымды өзүм да билбей туруп, сени биз менен качып жүрүүгө+ кантип мажбурламак элем? Андан көрө, артка кайт, бир туугандарыңды да ала кет. Жахаба сага мээримдүүлүк+, ишенимдүүлүк көрсөтсүн!» — деди+. 21  Бирок Итай падышага: «Жахаба тирүү, улуу урматтуу падышам да тирүү+, падышам кайсы жерде болсо, кулуң да ошол жерде болот. Мен атүгүл сени менен кошо өлгөнгө да даярмын!» — деди+. 22  Дөөтү ага: «Болуптур, анда өтө бер»,— деди. Гаттык Итай+ жанындагы кишилери, балдары менен чогуу анын жанынан өттү. 23  Баары өтүп жатканда, ал жердин тургундары боздоп ыйлап жатышты+. Падыша Кидрон өзөнүнүн+ боюнда турду, эл болсо чөлгө кетчү жол менен анын жанынан өтүп жатты. 24  Ал жерде Садок+ жана аны менен бирге чыныгы Кудайдын келишиминин сандыгын көтөрүп жүргөн+ лебилер+ да бар болчу. Алар чыныгы Кудайдын келишим сандыгын+ Абыятардын+ жанына коюп, элдин баары шаардан чыгып, өзөндөн өткүчө, күтүп турушту. 25  Падыша Садокко: «Чыныгы Кудайдын келишим сандыгын+ кайра шаарга алып бар+. Эгер Жахабанын көз алдында ырайым тапсам, ал мени кайра алып келип, келишим сандыгын да, ал турган жерди+ да көрсөтөт. 26  Эгерде анын көз алдында ырайым таппасам, анда мени эмне кылам десе, өзү билсин»,— деди+. 27  Анан ал дин кызматчы Садокко дагы мындай деди: «Сен көрөгөч эмессиңби+, артка кайт, тынчтык менен шаарга бара бер. Абыятар экөөңөр анын уулу Жонатан+ менен уулуң Акимаасты да ала кеткиле. 28  Мен болсо, силерден кабар келгиче+, чөлдөгү кечүүлөрдүн жанында күтүп турам». 29  Садок менен Абыятар чыныгы Кудайдын келишим сандыгын Иерусалимге алып барып, ошол жерде калышты. 30  Дөөтү Зайтун тоосунун+ боору менен жылаңайлак чыгып баратты. Ал башын жаап алып+, ыйлап баратты. Жанындагылары да баштарын жаап алып, ыйлап баратышты+. 31  Дөөтүгө: «Абышаломдун+ козголоңуна кошулгандардын арасында Акитопел да бар экен»+,— деп билдиришти. Ошондо Дөөтү+: «Оо, Жахаба+, Акитопелдин кеңешин акылсыз бирөөнүн кеңешиндей кыла көр!» — деди+. 32  Дөөтү тоонун чокусуна, эл Кудайга сыйынган жерге, чыкканда, алдынан архиттик+ Хушай+ чыкты. Анын кийими айрылган, башы топурак эле+. 33  Дөөтү ага мындай деди: «Эгер мени менен барсаң, мага кыйын болуп калат+. 34  Эгер шаарга кайтып барып, Абышаломго: „Оо, падышам, мен сенин кулуңмун, атаңа кандай кызмат кылсам, сага да ошондой кызмат кылам“+,— деп айтсаң, Акитопелдин кеңешин бузуп+, мага жардам бере аласың. 35  Ал жерде сени менен дин кызматчылар Садок менен Абыятар да болот+. Падышанын үйүнөн уккандарыңдын баарын аларга айтып тур+. 36  Садоктун уулу Акимаас+ менен Абыятардын уулу Жонатан+ да аталары менен бирге ошол жакта болушат. Уккандарыңардын баарын ошолор аркылуу билдирип тургула». 37  Дөөтүнүн досу Хушай+ Иерусалимге келгенде, Абышалом+ шаарга кирип бараткан эле.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жүрөгүн уурдай берди».
Сыягы, Дөөтү падыша болуп майлангандан 40 жыл өткөндөн кийин. Кара: 1Шм 16:13.
Б. а. 19-аятта айтылган Итай менен.