Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Онлайн Ыйык Китеп

ЫЙЫК КИТЕПТИН «ЖАҢЫ ДҮЙНӨ КОТОРМОСУ»

2 Шемуел 12:1—31

12  Жахаба Дөөтүгө Натанды жиберди+. Натан ага барып+, мындай деди: «Бир шаарда эки киши жашаптыр. Алардын бири бай, бири кедей болуптур.  Байдын кою да, бодо малы да көп эле+.  Кедейдин болсо сатып алган бир ургаачы козусунан башка эчтекеси жок болчу+. Ал аны багып, уулдары менен бирге чоңойтот. Ал эмне жесе, козусу да ошондон жеп, анын чөйчөгүнөн ичип, койнуна жатып, кызындай эле болуп калат.  Күндөрдүн биринде байдыкына бир жолоочу келет. Бай өзүнүн койлору менен бодо малын сойгусу келбей, кедейдин козусун алдырат да, үйүнө келген жолоочуга союп берет»+.  Ошондо Дөөтү ал кишиге каарданып+, Натанга: «Жахаба тирүү+, ал киши өлүшү керек!+  Анткени ал таш боордук кылды+. Козунун ээсине болсо ал төрт эсе+ төлөп бериши керек»,— деди+.  Натан Дөөтүгө мындай деди: «Ошол киши сенсиң! Ысрайылдын Кудайы Жахаба мындай дейт: „Мен сени Ысрайылга падыша кылып майлап+, Шабулдун колунан куткардым+.  Сага мырзаңдын үйүндөгүлөрүнүн бардыгын+, мырзаңдын аялдарын да+, Ысрайыл үйү менен Жүйүт үйүн да бердим+. Эгер булар аздык кылса, дагы кошуп бермекмин+.  Эмнеге сен Жахабанын сөзүн четке кагып, анын алдында жаман иш кылдың?+ Хеттин тукумдарынан болгон Урийди кылыч менен өлтүрдүң+. Аны Амон уулдарынын кылычы менен өлтүрүп, аялын өзүң алып алдың+. 10  Хеттин тукумдарынан болгон Урийдин аялын алып, мени четке какканың үчүн, үйүңдөн эч качан кылыч кетпейт“+. 11  Жахаба дагы мындай дейт: „Мен сага өз үйүңдөн кыйынчылык алып келем+. Сенин көзүңчө аялдарыңды алып, жакыныңа берем+. Ал көз көрүнөө сенин аялдарың менен жатат+. 12  Сен жашыруун жасасаң+, мен муну бүт Ысрайылдын алдында+, көз көрүнөө жасайм“»+. 13  Ошондо Дөөтү Натанга+: «Мен Жахабага каршы күнөө кылдым»,— деди+. Натан ага: «Жахаба күнөөңдү кечирди+, сен өлбөйсүң+. 14  Бирок Жахабаны урматтабай+, ушундай иш кылганың үчүн, төрөлгөн балаң өлөт»,— деди+. 15  Анан Натан үйүнө кетти. Дөөтүгө Урийдин аялы төрөп берген баланы Жахаба ооруга чалдыктырды+. 16  Дөөтү бала үчүн чыныгы Кудайга жалынып, орозо кармады+. Ал бөлмөсүнө кирип, түнү менен жерде жатты+. 17  Үйүндөгү аксакалдар аны тургузалы деп жанына барышты, бирок ал тургусу келген жок, алар менен бирге тамак жеген жок+. 18  Жетинчи күнү бала чарчап калды. Дөөтүнүн кулдары: «Бала тирүү кезде эле, ал биздин айтканыбызды укпай койду эле, эми: „Балаң чарчап калды“,— деп кантип айтабыз? Укса, өзүн бир нерсе кылып алат»,— деп ага угузгандан коркушту. 19  Кулдарынын шыбырашып жатканын көрүп Дөөтү баланын чарчап калганын түшүндү да, алардан: «Бала чарчап калдыбы?» — деп сурады. Алар: «Ооба, чарчап калды»,— дешти. 20  Ошондо Дөөтү ордунан туруп, жуунуп, жыттуу май менен майланып+, кийимин алмаштырды да, Жахабанын үйүнө барып+, таазим кылды+. Анан кайра үйүнө келип, жегенге тамак сурады. Ага дароо тамак алып келишти, ал тамактанды. 21  Кулдары ага: «Муну кандай түшүнсө болот? Балаңыз тирүү кезде, орозо кармап, ыйладыңыз эле, ал чарчап калганда, ордуңуздан туруп, тамак жей баштадыңыз да»,— дешти. 22  Ал: «Балам тирүүсүндө: „Ким билет, балким, Жахаба мага ырайым кылып, балам тирүү калар“+,— деген ой менен орозо кармап+, ыйладым+. 23  Эми ал чарчап калгандан кийин орозо кармап эмне кылам? Аны кайра кайрый алмак белем+. Мен го бир күнү өлүп, анын жанына барам+, бирок ал мага кайрылып келбейт да»,— деди+. 24  Дөөтү аялы Батшебаны+ сооротту. Анан ага жакындады. Аялы уул төрөп+, атын Сулайман коюшту+. Жахаба аны жакшы көрчү+. 25  Жахаба аны жакшы көргөндүктөн Натан пайгамбарды жөнөтүп+, атын Жедидия* деп койду. 26  Жоап+ Амон уулдарынын Рабба шаарына+ сокку уруп, падышалыктын шаарын басып алды. 27  Анан Дөөтүгө кабарчыларды жөнөтүп: «Мен Раббага сокку уруп+, суулардын шаарын басып алдым. 28  Эми сен калган элди чогултуп келип, шаардын тушуна жайгашып, аны биротоло басып ал. Бул шаарды мен басып албай эле коёюн, болбосо аны мени басып алды деп айтышат»,— деп айттырып жиберди. 29  Дөөтү бүт элин чогултуп барып, Раббага сокку уруп, аны басып алды. 30  Ал Малкамдын* башынан+ бир талант* алтындан жасалып, баалуу таштар менен кооздолгон таажысын чечип алды. Аны Дөөтүнүн башына кийгизишти. Дөөтү ал шаардан абдан көп олжо+ алып чыкты. 31  Андан сырткары, шаардын тургундарын алып чыгып, аларга таш кестиртип, кыш куйдуртуп, ошондой эле аларды курч темир шаймандар менен+, темир балта менен иштетип койду. Ал Амон уулдарынын бардык шаарларын ушундай кылды. Ошондон кийин Дөөтү бүт эли менен бирге Иерусалимге кайтып келди.

Шилтемелер

Мааниси: «Жахтын сүйүктүүсү».
Сыягы, Амон уулдарынын Молек же Милком деп да аталган жалган кудайы.
Болж. м-н 34,2 кг.